Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Зеленский Түркияга барат, АКШнын чабарманы Уиткофф менен жолугары күтүлүүдө


Стивен Уиткофф
Стивен Уиткофф

АКШнын атайын чабарманы Стивен Уиткофф шаршемби күнү Түркияга барат. Ал жактан украин президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги 18-ноябрда өз булактарына таянып билдирди. Сапар тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Араб маалымат каражаттары дагы сапар тууралуу өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Бир күн мурда Владимир Зеленский 19-ноябрда Түркияга бара турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу ал өзү жазып, сапардын максаты Орусия менен тынчтык келишимин "сүйлөшүүлөрдү активдештирүү" экенин белгилеген. "Согушту токтотуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылуу - Украинанын башкы приоритети. Биз туткундарды алмашууну калыбына келтирүү жана туткундарды кайтаруу боюнча иштеп жатабыз", - деп жазды Зеленский.

Зеленский Уиткофф менен Түркиянын кайсыл жагында жолугары жана андан башка дагы кимдер менен жолугушуу болору азырынча айтыла элек. Өткөн аптада Түркияда туткундарды алмаштыруу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болгон, бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башчысы Рустем Умеров билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Орусия "Украинадан сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экени тууралуу билдирүү" ала элек. Ал Түркяида 19-ноябрдагы сүйлөшүүлөргө орусиялык өкүл катышпай турганын белгилеген.

"Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болорун күтөбүз", - деген Песков Зеленский менен Уткоффтун ыктымал жолугушуусу тууралуу. Ал азырынча Уиткофф менен Орусия президентинин жолугушуусу планда жок экенин кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери Стивен Уиткофф орусиялык жана украиналык расмий өкүлдөр менен бир катар жолугушууларга катышып, Орусияга бир нече жолу барып, ал жерде Владимир Путинге жолуккан. Зеленский аны бир нече жолу сындап, анын айрым билдирүүлөрү орусиячыл маанайда экенин айткан.

Уиткофф Газа тилкесинде барымтага алынгандарды бошотуу жана ок атышпоо келишимине жетишүүдө негизги ролду ойноду жана анын аракеттерин Израил жана ортомчу өлкөлөр кубаттады.

Шерине

XS
SM
MD
LG