Ысык-Көлдөгү өлүм: Эки милиция кызматкери кармалды
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында ур-токмоктон бир адам каза тапты. Кылмышка шек саналып кармалган төрт кишинин экөө милиция кызматкерлери экени маалым болду. Маркумдун жакындары шектүүлөр аны ат менен кубалап, камчынын сабы менен уруп, үзөңгү менен башка тепкенин айтып, кылмыштын тыкыр иликтенишин талап кылууда.
Шерине