Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

"Тынч жашап, иштөө мүмкүн болбой калды". Орусиядагы мигранттарга берилген мөөнөт аяктады


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия мигранттарга “кара тизмеден” чыгууга берген кошумча убакыт 10-сентябрда аяктады. Буга чейин 80-90 миңдей кыргызстандык “кара тизмеде” деп айтылган эле. Орусиянын ИИМ өкүлү болгону 14 600дөн ашык кыргызстандык мигрант документтерин мыйзамдаштырганын билдирип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 11-сентябрдан тартып тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

"Кара тизмеден" чыга албай, Кыргызстанга келе бердим"

Кыргызстандык Эржигит (аты өзгөртүлдү) эки жарым жылдан бери Орусия башкалаасы Москвада такси кызматында иштеп жүрүп, эки күн мурун мекенине аргасыз кайтып келген. Өткөн жылдан тартып каттоого байланыштуу маселе жаралып, орус полициясы бир нече ирет "каттооң базада жок" деген негиз менен кармаган экен.

"Менин каттоом улам эле базадан чыкпай атты. Полиция кадам сайын кармайт. Ал жакта тынч жашап, иштөө мүмкүн болбой калды. Такси айдап баратсаң полициясы деле, ГАИси деле кууп токтотуп, документ текшерип, акча алышат. Мен дагы бул жакка келерден бир күн мурун үч миң рубль берип чыктым. Бир жолу каттооң базада жок деп полиция бөлүмүнө алып барышкан, 20 миң рубль берип чыккамын. Бир өзбек жигиттен 40 миң рубль алышкан. "Болбосо депортация кылабыз" дейт да".

Эржигит да эл катары документтерин толук мыйзамдаштырып, каттоосун жаңылоо үчүн "кара тизмедеги" делген мигранттар агылган Сахарово борборуна барганын, бирок ал жактан майнап чыкпаганын айтты.

"Мен бир жолу эле бардым, бирок каттоом ордуна келген жок. Сахароводо ушунчалык узун кезек. Полициянын миграция кызматтарында да ошончолук эл көп. Кезек жетпейт. Алар кааласа түшкө чейин гана иштешет. Кааласа иштебей коюшат. Мигранттар эшиктин алдында топтолуп, сагалап туруп кетишет аргасыз".

Эржигиттин айтымында, августтан бери бир нече тааныштары өзү сыяктуу мекенине кайтууга аргасыз болду.

Бирок азырынча Орусиядан "кара тизмеден" чыга албай, үйүнө кайтып келген кыргызстандык мигранттардын так санын айтуу кыйын. Алардын көпчүлүгү документтерин мыйзамдаштыра албаганы үчүн кайтышкан, мектепке балдарын киргизе албай кыйналганы үчүн кайтып келгендери дагы бар.

Орусия ИИМи: 14 600 кыргызстандык гана мыйзамдашты

Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Ирина Волкова расмий сайты аркылуу мигранттарга кайрылуу жасады. Анын сөзүнө караганда, 2024-жылдын 30-декабрынан быйылкы жылдын 10-сентябрга чейинки аралыкта "тобокел тобунан" болгону 14 600 кыргызстандык гана чыккан:

"Укуктук макамын тескеп жетишкен кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү - 8 миңдей адам Москва аймагында жашашат. Орусиянын аймагында мыйзамдуу укугу жок чет элдик жарандарга 10-сентябрга чейин документтерин укуктук макамга келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилген. 11-сентябрдан тартып биздин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга тийиштүү чаралар, анын ичинде Орусиядан чыгаруу жана келечекте да кирүүсүн чектөөгө чейинки чаралар көрүлөт".

Ирина Волкова чет элдик жарандардын өлкөдө мыйзамсыз жүрүүсүнө көмөктөшкөн адамдар административдик жазага тартылып, 500 миң рубль айыппул төлөшөрүн эскертти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги январь айында Орусияда каттоосуз же дагы башка документтери так эмес 113 миң кыргызстандык жаран "тобокел тобуна" же "кара тизмеге" киргенин билдирген. Буга Орусияда мигранттардын укуктук макамын тескөөсүнө шарт түзүү тууралуу жарлык 2024-жылы 30-декабрда кабыл алынганы негиз берген. Москва бул жарлык менен мигранттарга Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн укуктук макам алууга алгач 1-январдан 30-апрелге чейин мөөнөт берген. Бирок Бишкектин өтүнүчү менен мөөнөт сентябрга чейин узартылган эле.

"Ортомчуларга" ишенген мигранттар

ТИМдин 10-сентябрга карата берген маалыматына караганда, бул мөөнөткө чейин деле кыргызстандык мигранттар укуктук макамын тескөөгө толук жетишкен жок.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров "Азаттыкка" курган маегинде 4-сентябрга карата "кара тизмедеги" кыргызстандыктардын саны 85 миң болгонун билдирген:

"Март айында 85 миң жараныбыз "кара тизмеде" турса, апрелде алардын саны 74 миңге чейин азайган. Июнь айында кайрадан көбөйүп, 113 миңге чыгып кеткен. Июль айында 103 миңге, августтун орто ченинде 89 миң адам, сентябрдын башына карай реестрде биздин 94 миң жараныбыз бар экени белгилүү болгон. 4-сентябрда бул цифра 85 миң адам болуп чыкты. Анткени укуктук макамын тескей албаган айрым жарандарыбыз Орусиядан чыгып кеткен болуу керек. Цифралардын өзгөрүшү - Орусияга жарандарыбыз кирип чыгат, айрымдары документтерин мыйзамдаштырып, тизмеден чыгып кетет, ушинтип өзгөрө берет".

Атын атагысы келбеген кыргыз мигрантынын айтымында, документтерин мыйзамдаштырууга жетишпей калса деле үмүт кылып, Орусияда кала бергендери да бар. Алардын бири биздин маектешибиз учурда Москва облусунун аймагында курулушта иштеп жүргөнүн кеп салды:

"Сахарового барган менен пайда жок дешти. Барсаң кармап калып, камап коюшу да мүмкүн экен. Августтун жыйырмаларында бир кишиге 30 миңден чогултуп бергенбиз, реестрден чыгарат деп күтүп атабыз, бирок чыгара элек".


Орусия бийлиги "кара тизмеге" жашы жете элек балдарды да киргизгени, анын негизинде, мисалы, сентябрдын башында 10 жаштагы кызды Домодедово аэропортунан өлкөгө кийирбей койгону маалым болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги реестрге түшкөн жарандардын 30 пайызы жашы жете элек балдар экенин маалымдап, алар миграциялык каттоого тургузулбаган, тийиштүү медкароодон өткөрүлбөй, биометрикалык маалыматтары тапшырылбаган балдар экенин айтууда.

ТИМдин Орусиянын күч кызматтарына таянып берген маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстандын 224 миң жараны Орусияда мыйзам бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Үч жүздөй кыргызстандык мигрант депортацияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG