Кыргызстандык таанымал рэпер Бакрды Орусиянын аймагына киргизбей коюшту. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, 17-ноябрда командасы менен бирге Орусиянын бир нече аймагында концерттик тур уюштуруу үчүн Москванын Шереметьево аэропортуна учуп барган. Ал жерде орус чек арачылары башкаларды өлкө аймагына киргизип, рэперди 3 сааттан ашык эч себепсиз кармап турушкан. Андан соң Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын кабарлашкан. Ырчы мындай чечимдин себептерин түшүндүрүшпөгөнүн билдирүүдө.
"Эч түшүндүрбөстөн Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салышты. Андан соң мени күтүү бөлмөсүнө киргизишти, мен Бишкекке кайра учуп кетүүгө аргасыз болдум. Ал жерде эртең мененки 10дон кечки 9га чейин отурдум. Бишкекке учуп келген соң мага Орусиянын аймагына кирүүгө баш тартуу боюнча токтомду беришти. Андагы себеп катары Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат жок экени көрсөтүлгөн”, - деп жазды рэпер.
Рэпер Орусиядагы күйөрмандарынан кечирим сурап, учурда юристтер менен бирге соңку жагдайды тактоого аракет кылып жатканын кошумчалады.
Bakr Борбор Азиянын бир нече өлкөсүндө таанымал рэпер. Буга чейин кыргыз жарандары Орусиянын аймагына кире албай калган учурлар катталып келген.
Шерине