Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Отунбаева: Ооган аялдарынын абалы оор, элине жардам бериш керек


Роза Отунбаева Кандагар провинциясынын тургундары менен
Роза Отунбаева Кандагар провинциясынын тургундары менен

мазмуну

  • Ооганстанда жашоо-турмуш өтө оор, калк жакырчылыкка батып, билим берүү жана инфраструктура жетишсиз.
  • "Талибан" бийлиги аялдарга жана кыздарга каршы катаал эрежелерди киргизип, алардын укуктары чектелди.
  • БУУнун миссиясы гуманитардык жардам көрсөтүү жана чакан насыя механизмдерин ишке ашыруу менен карапайым оогандыктарга колдоо көрсөтүүнүн аракетинде.

БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы кызматын тапшырып келген экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек курду. Отунбаева Ооганстандагы кырдаал, аялдардын абалы жана коопсуздук тууралуу айтып берди.

- Роза айым, сиз үч жылдан ашык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы болуп иштеп жүрүп, жакында ал жооптуу кызматтарды тапшырып, Кыргызстанга кайттыңыз. Ошондон улам Ооганстандагы абал, ал элдин жашоосу, Улуттар Уюмундагы миссияңыздын айланасында кепке тартсамбы деп турам. Алгач болуп Ооганстандагы учурдагы абалдан баштасак. “Талибан” бийликке келгенден кийин Батыш баштаган бир катар мамлекеттер менен алака-катыш токтоп, жер титирөөнүн кесепетинен улам бул өлкөдөгү адамдардын жашоо турмушу кыйынчылыкка кептелгени айтылып келет. Ооганстанда элдин жашоосу азыр кандай, кичине өзгөрүү байкалабы?

- Кыргызстан Ооганстандан учак менен ашып кетсе үч сааттык аралыкта жайгашкан. Бирок бул өлкө жөнүндө кыргызстандыктар анча жакшы билбейбиз. Мен буга чейин кыска мөөнөткө эс алууга келген учурда айрым адамдар менен баарлашып калсам эч ким кызыкпайт, ал жактагы абалды сурабайт. Совет учурунда Ооганстандагы согушта болгон биздин мекендештерди эске албаганда бул өлкөдөгү кырдаалга кызыккандар аз. Ооганстанды изилдеген илимий кызматкерлер деле жокко эсе.

Ошол эле учурда Иран менен Пакистан сыяктуу коңшу өлкөлөрдү эске албаганда деле Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Ооганстан менен абдан тыгыз соода байланыштарды түзүп жатат. Мисалы, жакында эле Чымкентте казак-ооган өкмөт өкүлдөрү көргөзмө уюштуруп, Казакстандан 1 миллион тонна буудай алабыз деп сүйлөштү. Учурда Казакстан жана Өзбекстан Ооганстан менен бир жылдык соода көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүүгө далалат кылууда. Ал эми Түркмөнстанды айтпай эле коелу, алардыкы жабык маалымат, бирок мен Герат деген аймагына барсам түркмөндөрдүн бизнеси толтура экенине өзүм күбө болдум.

Ушул жагдайларды эске алуу менен жалпысынан Кыргызстанда Ооганстан тууралуу көп маалымат жок экенин айткым келет, ал эми казак, өзбек илимпоздору арасында бул өлкө жөнүндө билген илимий кызматкерлер, эксперттери көп экен.

2021-жылдан кийин Батыш өлкөлөрү Ооганстанды карабай, өзүңөр жашап көргүлөчү дегендей мамиле кылып жатат. Ал эми ушундай кырдаалда Борбор Азиянын өлкөлөрү, Азербайжан, Иран, Пакистан жана Индия Ооганстан менен тыгыз байланышып, экономикалык жактан мамиле түзүүнүн аркетинде.

Ал эми сиздин сурооңузга жооп берсем, Ооганстанда элдин жашоосу абдан начар. Өтө жакыр. Биз, БУУнун миссиясы жыл сайын 3-4 миллиард доллар сурап, элге жардам бергенге аракет кылдык. Булардын 5 миллиондон ашык баласы мектепке барбайт, мектептер жетишпейт, мугалим, китеп жок. Ооганстандын азыркы абалы өтө кыйын деп айтсак болот.

Ооганстандагы башталгыч мектептин биринде
Ооганстандагы башталгыч мектептин биринде

Андан сырткары экологиялык жактан да өтө татаал жерде болуп, мен иштеген маалда үч жолу Пактика, Нангархар, Герат аймактарында чоң зилзала болду. Акыркысы Нангархардагы Кунар провинциясында 2,5 миң адам каза тапты, 3,5 миңи жарадар болуп, 8 миңден ашык адам үй-жайсыз калды.

Буга кошумча, буга чейинки согуштар маалында Пакистан менен Иранга миңдеген киши качып кеткен. Эми ошолорду аталган эки өлкөнүн бийлиги кайра Ооганстанга кууп жатат. Бул адамдардын айрымдары Иран менен Пакистанда төрөлгөн, Ооганстанды таптакыр билбейт. Бирок аларды күч менен кууп чыгып, Ооганстанга келип ансыз да кыйынчылыкта турган өлкөгө кошумча көйгө жаратууда. Ушунун баары эле үстү-үстүнө үйүлүп, абалды аябай оорлотуп жатат.

- “Талибан” кыймылы бийликке келгенине төрт жылдан ашты. Ушул убакыт аралыгында талибдер канчалык калктын кызыкчылыгы үчүн шарт түзүүго ниетин билдирип аракет көрдү? Биз талибдердин улам бир чектөө киргизип, айрыкча аялдардын, кыздардын абалы бара-бар оорлошуп бара жатканы тууралуу кабарларды окуп жатабыз...

- Ишмердик жагынан оогандар бир нече кылымдап соодага көнгөн эл экенин айтып бердим. Бирок булардын жашоосу, салт-санаасы, маданияты мага таң калыштуу. Биз кыздарга, аялдарга мамилеси тууралуу 57 өлкө мүчө болгон Ислам кызматташтык уюмунун конференциясын Жидда шаарында өткөрдүк. Анда аялдарга душмандан бетер ушунчалык катаал мамилеси, аялдарды жумуштан кууп чыгышканы, мектептен да кууп, кыздарды 6-класстан соң окуганга тыюу салышы сыяктуу маселелерди көтөрдүк. Мына, акыркы жер титирөө учурунда аялдар уранды алдында жатса куткаруучулар кол сунбай, "арам болот" деп куткарбай койгонун да көрдүм. Канчалаган аял ошентип өлүп кетти.

Аялдарга болгон катаал мамиле пуштундардын арасында өзгөчө күчтүү, Ооганстандын түндүк жагы кичине жумшагыраак, бирок пуштундар “Пуштунвали” деген эрежелерине таянып эле айымдарга абдан катаал мамиле кылат. Дал ушундан улам биз Сауд Арабиядан да динди түшүнгөн уламаларды алып барып, аялдарга мамиле тууралуу түшүнүк бердик. Бирок “биздин ислам башкача” деп эле катаал мамилесин улантып жатышат. Менин оюмча, убакыт керек го, бара-бара мындай мамиле өзгөрөбү деп ойлойм. Болбосо, бүгүн өтө эле катаал саясат жүргүзүп жатат. Ошонун аркасында кыйын кырдаалда болуп, эч ким жардам бербей жатат.

Жергиликтүү аялдар коому
Жергиликтүү аялдар коому

- “Талибан” төрт жылдан бери өз бийлигин бекемдеп, эл аралык коомчулукка таанылуу аракетин көрүүдө. Сиз жетектеген миссия менен “Талибан” өкмөтүнүн кызматташуусу кандай болду?

- Биз келгенде Ооганстандан америкалыктар чыгып, эл аралык уюмдар “Талибан” менен сүйлөшө албай жүргөн экен. Мен эшикти ачтым десем туура эмес болот, бирок бир катар маселелер боюнча сүйлөшө алдык. “Талибандын” арасында сөздү билген адамдар да бар, мисалы, тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки мырза ар кыл өлкөлөргө сапар менен барып жүрөт. Биз аны менен иштештик. Нуриддин Азизи деген соода министри Кыргызстанга чейин келип кетти. Булардын 34 провинциясынын кеминде отузунда болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышып, ал жактагы бир катар, анын ичинде аялдар маселелери боюнча айтып жүрдүм. Бирок булар бийликти алганы менен узак жылдар тоолордо, ар кыл өлкөлөрдө бекинип жүрүшкөн. Мен “Талибандан” чыккан чоң кызматкери менен сүйлөшсөм “мен Бишкекте такси айдап жүргөм” деп айтып берди. Эми азыр булар акырындап дипломатияны, башкаруу эрежелерин үйрөнүп жатышат.

Соңку окуялардан соң ишти билген техникалык курамдагылардын көпчүлүгү качып кетишти. Ушул жагынан аябай аксап жатышат. 20 жыл АКШ Ооганстанга абдан эле көп инвестиция салган экен. Согуш инфраструктурасы катары жолдор, аэропорттор курулган экен. Беш-алты шаарында эл аралык аэропорттор салыныптыр.

Бирок мен жогоруда айткандай, элдин жашоосу начар, калкта акча жок. Биз сүйлөшүп атып элдин арасында аз да болсо акча болсун деп, чакан насыя берүү механизмдерин ишке ашырууга аракет кылдык. Инвестиция таптакыр жок. Электр энергиясы жок.

Ошондуктан Тажикстан сыяктуу өлкөлөр электр энергиясын сатып жатат. Ал эми Казакстан менен Өзбекстан өзүнөн эмне ашса, баарын эле сатып жатышат.

Ооганстанда таза суу тартыш
Ооганстанда таза суу тартыш

- Бирок Ооганстандагы жарандык коомдун активисттери, адам укуктарын коргоо уюмдары жана айрым мамлекеттердин өкүлдөрү Улуттар Уюму өз принциптеринде катуу турганы менен сиз жетектеген миссия талибдерге карата позициясын жумшартты деп эсептешет. Бул канчалык жүйөлүү сын?

- Ооганстанга карата өтө эле айырмаланган позициялар бар. Батыштын коалициясына кирген жыйырма чакты өлкөнүн элчиликтери Дохада отурашат. Биз алар менен күндө кабарлашып, маалымат берип турдук. Аларды уксаң деле Ооганстанды таштап салып, таптакыр жардам бербеш керек деген позицияда. Ансыз деле алар жардам бербей жатат.

Биз өткөн жылы 3 миллиард доллардай гуманитардык жардам сурадык эле, анын 25% эле беришти. Эми адамдар кырылып калбасын деген мааниде жаңы төрөлгөн ымыркайларга, өтө аярлуу катмарларга эле жардам берип жатышат.

Аялдарга болгон катаал мамиледен улам буга чейин аяктап калган айрым имараттарды токтотуп салды. Ооганстандагы чоң маселелердин бири - суу көйгөйү. Дал ушул таза сууга болгон инвестицияны, жардамды токтотуп салышкан. Менин саясатым суу гуманитардык маселе деп ушул жаатта жардам алууга аракет кылдык.

Экинчиден, ушул гуманитардык маселени өнүгүүгө буруп, "мурдагы заман өттү, эл өзү иштеп жатат, эми жакырчылыктан чыгаруу үчүн көмөктөшкүлө" деп жалдырадык. Үч жыл бою донорлор менен катуу талкуулап жатып, ушул долбоорду алга жылдырдык.

Азыр ишкерлер чакан ишканаларды түзүп, жанын бакканга аракет кылып жатышат. Былтыр Ооганстанда 2,4% өнүгүү болду окшойт. Бирок Батыштагылар аны көргүсү келбейт. Мен аларды да түшүнөм, алар согуштан өтүштү, аскерлери каза болду, абдан көп инвестиция салды эле, аягы каалагандай болгон жок.

Согуш деген согуш экен, бирок азыркы элди оор абалдан чыгарыш керек. Мен айтылган сынга капа болбойм. Бирок “Талибандын” аялдарга, кыздарга мамилеси өтө начар. Элди башкарган молдолордун табияты, мамилеси ушундай экен. Бирок акындарын карап көрсөң, Руми болобу, башкасыбы, аялдардын сулуулугун даңктап, аларга карата өзгөчө сый мамиле кылабыз дешет экен. Менин пикиримде, мындай мамилени өзгөртүүгө бир топ убакыт керек болот окшойт.

"Ооганстанда зилзалада аялдарга кол сунбай койгон эркектерди көрдүм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:38 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG