Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Владивостокто өзбек жарандарына кол салган өспүрүм кармалды


Владивостоктогу дүкөндө болгон кол салуу. 13-сентябрь, 2025-жыл
Владивостоктогу дүкөндө болгон кол салуу. 13-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын Приморье крайынын бийлиги өзбек жарандарына кол салууга катышкан өспүрүм кармалып, анын үстүнөн бейбаштык беренеси менен иш козголгонун билдирди.

Маалыматка караганда, ал Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги нота тапшырып, окуянын чоо-жайын иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылгандан кийин кармалды.

Дагы экөөнө издөө жарыяланды.

Биринчи кол салуу 10-сентябрда Владивосток шаарында, экинчиси 13-сентябрда ошол эле жерде болгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, өспүрүмдөрдүн тобу мас абалында бир нече өзбекстандык кишиге тийишип, токтоп турган машинаны талкалашкан, кийин оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна, өзбекстандык такси айдоочусуна жана анын кардарына кол салышкан. Дүкөнгө кирип барып, өзбекстандык дагы бир кишиге асылышкан. Алар өзбек жарандарына таш ыргытып, катуу кыйкырышкан.

Тергөө комитети шектүүлөрдү мурда да полиция кармаганын, бирөөнүн бейбаштык боюнча иши сотто каралып жатканын билдирди.

Приморьенин бийлиги жапа чеккен мигранттар Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн белгиледи.

Акыркы мезгилде Орусияда Борбор Азия жана Кавказдан баргандарга каршы ксенофобиялык маанай күчөдү. Күч түзүмдөрү мигранттарды кармоо рейддерин ырайымсыз жүргүзгөн учурлар четтен жолугат. Андай окуялар тартылган видеолорду кийин улутчул топтор байма-бай бөлүшүп турат.


Шерине

XS
SM
MD
LG