Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

Өзбекстан: Дубайдан экстрадицияланган ишкер Шадманов абактан бошотулганы кабарланды


Улугбек Шадманов
Улугбек Шадманов

Өзбекстанда сот Дубайдан экстрадицияланган ишкер Улугбек Шадмановду чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратылып, бирок камактан бошотулганы кабарланды.

Бул тууралуу "Озодлик" радиосу жазды.

Шадманов Өзбекстанда "цемент падышасы" атыккан өзбек жараны. Бир нече жыл мурда "алтын виза" алып үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигине көчүп кеткен.

Ал буга чейин президент Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаровдун айланасындагы таасирдүү адам катары эсептелип келген.

Улугбек Шадманов 2024-жылдын декабрында Дубайда кармалып, 2025-жылы январда Ташкентке өткөрүлүп, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген.

"Озодликтин" маалыматына караганда, Шадманов Өзбекстандагы цемент бизнесинин дээрлик жарымын көзөмөлдөп турган, Орусияга Батыштын санкцияларынан кыйгап өтүүгө жардамдашкан деп шектелген.

Сот жараяны коопсуздук кызматынын тергөө абагында өттү. Чечим өткөн аптада чыкканы белгилүү болду.

Өзбек бийлиги жана Улугбек Шадмановдун адвокаттары өкүм тууралуу маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG