Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан “Грув” аттуу түнкү клубдун ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу 19-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында, мындай чечим көп жолу катталган коомдук тартипти одоно бузуу фактыларына, аймактагы жашоочулардын тынчсыздануусуна жана коопсуздук маселелерге байланыштуу кабыл алынды.
Атайын кызмат аталган мекемеге буга чейин эскертүү берилгенин, тартипти сактоо боюнча бир катар талаптар коюлганын кабарлады.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды аткаруу деген негиз менен тамактануучу жайларды, түнкү клубдарды саат 22:00дө жабуу тууралуу буйрук чыгарган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.
“Тынчтык жөнүндө” мыйзамда жумуш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбей турганы жазылган. (КЕ)
Шерине