Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Лойка: Үсөнов - Урицкий кармалышы да мүмкүн


Беларустагы “Хьюман константа” укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Наста Лойка.
Беларустагы “Хьюман константа” укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Наста Лойка.

Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларустар Даниил Урицкий, кыргыздар Данияр Үсөнов деп тааныган адам 2016-жылы беларус жарандыгын алганы белгилүү болду.

Беларустагы “Хьюман константа” деп аталган укук коргоочу уюмдун негиздөөчүсү, эл аралык укук боюнча адис Наста Лойка беларус жарандыгын алуунун жол-жобосу жана ага байланыштуу укуктук жагдайлар жөнүндө “Азаттыкка” интервью берди.

"Азаттык": Наста айым, беларус жарандыгы кандай шартта берилет?

Наста Лойка: Чет элдик жарандар же жарандыгы жоктор кантип беларус жарандыгын алса болорун тескей турган мыйзамдар бар, анда бир катар шарттар каралган. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле жарандык сураган адам Беларуста бир топ жыл туруктуу жашашы зарыл. Биздин өлкөдө бул мөөнөт - жети жыл. Ошол убакта соттолуп же кандайдыр бир мыйзам бузбаса, жети жылдан кийин жарандык сурап кайрылса болот. Ошол эле маалда өлкө үчүн кандайдыр бир эмгек сиңирсе андай кишиге жарандык мөөнөтүнөн мурда берилет. Мындай маселе Беларус Республикасынын президентинин деңгээлинде чечилет. Жарандык суроонун тартиби жөнөкөй – атайын сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрыласыз, ал кагаз каралат да, анын жыйынтыгы менен жарандык ыйгарылат.

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (солдон үчүнчү) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына" (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” басылмасы. 27.7.2018.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (солдон үчүнчү) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына" (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” басылмасы. 27.7.2018.

"Азаттык": Маалыматка караганда Даниил Урицкий беларус жарандыгын 2016-жылы алыптыр. Ал Кыргызстандан 2010-жылы апрелде кетсе, жети жылга жетпей жатпайбы?

Наста Лойка: Мыйзамда жазылгандай, жети жыл такай жашаган киши жарандык сурап кайрылса болот деген жалпы шарт. Бирок ошол эле маалда жарандык берүү да мамлекеттин ички маселеси жана ал башка факторлорду да эске алат. "Мамлекетке өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн" деген негизде президент бул мөөнөттөн мурда жарандык ыйгара алат. Мындай негизде окумуштуулар, спортчулар жарандык алып жүрөт. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Беларус анан дагы өзгөчө “толеранттуулугу” менен бараандуу саясатчыларды кабыл алып, аларга баш калка берген жагынан аты чыкан.

"Азаттык": Наста айым, Даниил Урицкийге жарандык берүүдө анын эл аралык издөөдө экени, ал өз өлкөсүндө оор кылмыштарга айыпталып, ага өмүр бою абакка кескен соттун өкүмү чыкканы эч кандай эске алынбайбы?

Качкын макамын сураган адам ар кандай деңгээлдеги издөөдө жүрүшү мүмкүн.

Наста Лойка: Дагы бир жагдайды айта кетсем, чет элдик жаран Беларустун аймагына келип, эл аралык нормалардын алкагында качкын макамын сурайт. Эгер мамлекет аны качкын деп таанып, өз аймагында жашоого уруксат берсе, ал киши беш жылдан кийин жарандык сурап кайрылып, Беларус Республикасынын толук укуктуу жараны болуп калат.

Мен сиз айтып жаткан кишинин таржымалын так билбейм, бирок жеке оюмда эл аралык коргоонун алкагында ал киши жарандык алган болушу мүмкүн.

Качкын макамын сураган адам ар кандай деңгээлдеги издөөдө жүрүшү мүмкүн. Бирок маселени аны кабыл алган өлкө өзү чечет, бул ошол мамлекеттин суверендүү укугу. Беларус өз укугунан пайдаланып, эл аралык нормаларга таянып, ал адамга байланыштуу Кыргызстандагы укуктук маселелерге көз жуумп, качкын макамын берип, анын негизинде жарандык ыйгарган болушу керек. Мындай мисалдар Беларустун тажрыйбасында бир нече жолу болгон.

"Азаттык": Ошол эле маалда жарандык алып жаткан адам атын, атасынын атын жана фамилиясын толук өзгөртүп, таптакыр башка киши болуп алууга мыйзам жол береби? Туулган күнүн, жылын дагы өзгөртүп алса болобу?

Наста Лойка: Беларуста ким болбосун атын, фамилиясын өзгөртүүгө мыйзам жол берет, эч кандай чектөө жок. Атасынын атын да өзгөртүп же андан баш тартса да болот. Бирок туулган күнүн, жылын өзгөртө албайт. Адам жарандык алып жатканда ага идентификациялык номер берилет. Аты-жөнүн, жынысын өзгөрткөндө да ал кишинин түпкү маалыматы ошол жерде сакталып калат.

"Азаттык": Наста өзүңүз билгендей, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда Минск макулдашуусу бар. Ага ылайык мамлекеттер кылмышка шектүү жарандарды бири-бирине өткөрүп берүүгө милдеттүү да?

Минск макулдушуусу, кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү сыяктуу регионалдык келишимдерге караганда “Качкын макамы” жөнүндө эл аралык конвенциянын укуктук зоболосу жогору, андыктан ага таянышат.

Наста Лойка: Жарандык берип жатканда бул макулдашууга көз жуумп коюшат же “Качкын макамы” жөнүндө эл аралык конвенция үстөмдүк кылып, мындай кырдаалда ага таянуу негиздүү. Мындай жагдайда эмнеге таянып, кандай чечим чыгаруу суверендүү мамлекеттин ички иши. Минск макулдушуусу, кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү сыяктуу регионалдык келишимдерге караганда “Качкын макамы” жөнүндө эл аралык конвенциянын укуктук зоболосу жогору, андыктан ошого таянышат.

"Азаттык": Демек, Даниил Урицкий эч кандай тоскоолдуксуз дүйнөнүн каалаган жеринде ээн-эркин саякаттап жүрө алабы?

Наста Лойка: Эми Кыргызстанда ал киши Даниил Урицкий деп аты-жөнүн өзгөрткөнү тууралуу бышыкталган маалымат бар, ошондой эле эл аралык издөө да расмий кабардар болгон соң, ал кайсы бир өлкөнүн аймагына өтсө кармалып, Кыргызстанга берилиши мүмкүн. Юридикалык жагынан алганда, ал киши издөөдө экени чынбы, керектүү маалымат тиешелүү жерлерге берилгенби – ошого көз каранды.

Данияр Үсөнов - Даниил Урицкий Интерполдун издөөсүн аткарууга ниети бар өлкөнүн аймагына кирсе, албетте, аны кармап өткөрүп берет. Бул толук мүмкүн.

Даниил Урицкийге айланган Данияр Үсөнов
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG