Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев эки суткага камалды


Темирлан Султанбеков. Архив сүрөт.
Темирлан Султанбеков. Архив сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 22-ноябрда кечинде Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

48 саат ичинде Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы аныкталат.

Шагиеванын айтымында, апасы Раиса Атамбаеваны кое беришти, аны таңкы саат алтыларда үйүнө кирип барып, суракка алып кетишкен.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин атасы Медетбек Султанбеков айтты.

Султанбековдун үйүндө тинтүү жүргөнүн, өзү ИИМге жеткирилгенин эртең менен аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.

"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовду тергөө 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу маалымат Атазовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Кошумча маалыматты жактоочусунан алынган соң дагы кабарлайбыз", - деп жазылды анда.

Бул күнү эртең менен Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги маалыматты ырастап, тинтүү иштери аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирген.

22-ноябрда үйүндө тинтүү жүргөнүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников да айтып чыгышкан.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын соцтармактардагы баракчаларына лидери Адахан Мадумаровду жана анын жакындарын "белгисиз тарапка алып кетишкени" тууралуу маалымат чыккан.

22-ноябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясы мекемесинин башчысы Сыймык Жапыкеев да жеткирилгенин маалымат каражаттары жазышкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG