Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында 22-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, 60 килограммга чейинки салмакта Смадияр Жумакадыров алтын медал тагынды. Ал чейрек финалда казакстандык Ердаулет Жолдыканды 9:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Абдулвафаи Сайедсадени 8:1 эсебинде утту. Финалда түркиялык Айдын Сонелди далысын килемге басып, чемпион болду.
Андан тышкары бул күнү күрөштүн бул түрүнөн 67 кг чейин салмакта Динмухамед Бигелдиев менен 97 килограммга чейинки салмакта Нарту Абдрахманов коло байгеге ээ болушту.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Смадияр Жумакадыров ушуну менен Судлимпиаданын экинчи жолку байгесине ээ болууда. Ал 2022-жылы Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында өткөн Сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта коло байгеге ээ болгон.
15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өткөн мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу 81 өлкөдөн катышууда. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандан 18 спортчу спорттун беш түрүнөн: стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрүнөн күчүн сыноодо. Алардын бешөө кыз-келиндер. Алдыда грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана таэквондодон таймаштар бар. Үч балбандын байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын спортчуларында төрт медал бар. Буга чейин дзюдодон 60 килограмм салмакта Байсалбек Орозали уулу коло медал тагынган. (ECh)
Шерине