Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Айсулуунун өлүмү: Бишкектин экс-судьялары кылмыш жоопкерчилигине тартылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Судьялар кеңеши 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.

Сентябрь айынын аягында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мектеп окуучусу Айсулуу Мукашева дайынсыз жоголуп, көп өтпөй сөөгү Боом капчыгайынан табылган. Кылмышка шектүү кармалып, ал буга чейин дагы ушул өңдүү кылмышка барып жүргөнү, бирок соттон жеңил жаза алып бошоп кеткени аныкталган. Бул талаш-талкуу жараткан.

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык соттун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын мурдагы судьялары Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү 21-ноябрдагы жыйынында карады. Аларды жоопко тартуу тууралуу сунушту башкы прокурор берген.

Башкы көзөмөл органынын башчысы аталган экс-судьяларга карата Кылмыш кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Пара берүү", "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" сыяктуу беренелеринде каралган кылмыштын белгилерин негиз кылып, жоопко тартууга уруксат берүүнү суранган.

Судьялар кеңеши бул сунушту карап, аны канааттандыруу чечимин кабыл алды.

"Баяндама угулуп, Тартип комиссиясынын корутундусу талкууланып, Башкы прокуратуранын сунушу канааттандырылып, Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп билдирди кеңештин басма сөз кызматы.

Судьялар кеңеши тараткан маалыматтагы үч адамдын ысымы буга чейин 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүүнүн мурдагы кылмыштары үчүн жазасын жеңилдеткен деп социалдык тармактарда аты аталган үч судьянын (Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева) аты-жөнүнө туура келет.

Буга чейин экс-судьялардын арасынан Кайсын Абакиров гана ачык үн каткан. Ал өткөн айда Фейсбуктагы баракчасына алар мыйзам негизинде чечим кабыл алышканын белгилеп, милиция убагында ачылбай калган кылмышты сот тармагына жүктөп жатканын жазган.

Кайсын Абакиров
Кайсын Абакиров

"Мыйзамга ылайык ар бир адам, анын ичинде судья да күнөөсүздүк презумпциясына жана өзүнүн ишкердик беделин коргоого укуктуу. Ооба, мен, Кайсын Абакиров, соттук коллегиянын мүчөсү болчумун жана Бишкек шаардык сотунун Кумарбек Абдыровго карата 2016-жылдын 12-майындагы өкүмү Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынганын жана судьялар чечимди кабыл алууда мыйзамды жана иште болгон материалдарды, атап айтканда жабырлануучунун пикирин, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун, мамлекеттик айыптоочунун пикирин, ошондой эле кылмыш ишинин башка материалдарын гана жетекчиликке алгандыгын жана азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн өкүм мыйзамдуу күчкө ээ экендигин жана эч ким тарабынан даттанылбагандыгын билдирем. 2020-жылы бул кылмыш иши боюнча чечим кабыл алган судьялар коррупция үчүн иштен алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана кылдат текшерүүнү талап кылат. Биз кылмышкердин колунан жапа чеккен бардык жакындарына жана алардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана баса белгилеп кетчи нерсе - резонанс жараткан үч жаш кыздын жана Камила Дүйшөбаеваны өлтүрүү 2015-жылга чейин жасалгандыгын белгилейбиз. Азыркы учурда ИИМ ачылбаган өзгөчө оор кылмыштар үчүн күнөөнү сот корпусуна жүктөп, ошону менен коомчулуктун жана президенттин алдында актангысы келип жаткандай таасир калтырууда. Биз коомчулукту жана ММКларды шашылыш жыйынтык чыгарбоого жана бардык жагдайлар, анын ичинде сот чечимдери боюнча расмий иликтөөнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырабыз", - деп жазган Абакиров.

Жаңыл Мамбеталы менен Сания Бранчаева соңку окуяларга байланыштуу комментарий бере элек.

Абакиров кызматынан 2020-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда алынган жана ошондон бери адвокат болуп иштеп жүрөт. Ал бир катар чуулгандуу иштерде аты аталган адамдарга жактоочу болгон.

Маселен, учурда сот экстремисттик деп тапкан “Клооп Медианын” мурдагы операторлорунун, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, маркум ишкер Арстан Алайдын, экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана ишкер Урмат Барктабасовдун адвокаты болгон.

Жаңыл Мамбеталы дагы судья болуп иштегенде бир катар талаш-тартыштуу иштерди, анын ичинде Садыр Жапаровдун ишин караган. Ал Жогорку соттун судьясы кызматынан Жапаров президент болгондон кийин, 2021-жылы өзү жазган арыздын негизинде кеткени маалымдалган.

Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеп турганда Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жапаров бул иш боюнча 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин акталган.

Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда Мамбеталы экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган. Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатканда ошол кездеги депутат Исхак Масалиев анын коомдо талкуу жараткан иштери тууралуу суроо берген. Масалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып сотторго байланыштуу кынтыксыз деген принцип иштеши керектигин белгиледи. Ошол эле маалда судьяларды чыгарган чечимине байланыштуу жоопко тартуу оңой болбосуна токтолду:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Аны Жогорку соттун судьясы кызматына биз бекитип бергенбиз. Талапкерлер кандай болсо дагы президенттин аппаратынан өтүп келет да. Кынтыксыз иштеген судьялар деп Конситуцияда жазылган. Эгерде кынтыксыз болбосо бул анын иштен кетишине негиз болот деп жазылган. Ал жерде кылмыш кылдыбы же жокпу, туурабы же туура эмеспи деп отурбаш керек. Кынтыксыз деген принцип бузулгандан кийин эле дароо кетиши керек".

Экс-судья Сания Бранчаеванын аты коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясынын жоопкерчилиги карала баштаганда белгилүү болгон. Бишкек шаардык соттун ошол кездеги судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыев аларды актаган өкүм чыгарган, бул соттук коллегиянын үчүнчү мүчөсү Сания Бранчаева экс-депутаттарды актоого каршылыгын билдирген.

Укук коргоочу Рита Карасартова соңку окуялардан улам сот эркиндиги тууралуу жагдайга токтолду. Ал буга чейин деле, азыр деле соттор эркин болбогонун айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Сот системасындагы эң эле чоң маселе бул алардын көз карандысыздыгы. Анткени сот бул өзүнчө бийлик бутагы. Аткаруу бийлиги буларга үстөмдүк кылбашы керек. Алар мыйзамдын гана нормасына таянып иш кылышы керек. Эгер мыйзамдар туура эмес болуп жатса алар элге ушул норманы депутаттарга барып өзгөртүп алгыла, эгер өзгөртсөңөр кийинки чечимдерибиз башкача болот деп айтышы керек. Биздин соттордун проблемасы алардын көз карандуулугунда. Алар ким кожоюн экенин билет. Мына ошол судьялардын бири убагында Садыр Жапаровдун ишин караган деп жатышпайбы. Ошол иш каралып жатканда кожоюн Атамбаев болчу. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков болчу. Азыр эми Садыр Жапаров соттордун иштерди өз алдынча караганына мүмкүнчүлүк берип жатабы? Мен азыр укук коргоочулук ишимди аткарып жүрүп эле экстремисттик берене менен кесилип жатам. Эгер мени ушул берене менен зонага жөнөтсө анда мен түрмөнүн ичиндеги түрмөгө камалам. Сыртка чыгарбайт, ошондой берене менен жаткырып коет. Менин ишимди азыр аябай оор берене менен карап жатышат. Ошондо Жаңыл Мамбеталы азыркы судьялардан эмнеси менен айырмаланат? Эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бирок судьялардын арасында жакшылары дагы бар. Мисалы, бизди Кемпир-Абад иши боюнча кандай кысым болсо дагы кылмыштын эч кандай курамы жок актаган соттор болду".

Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген.

Кылмышка шектүү буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан.

Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны "киши өлтүрүүгө аракет жасаган" деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш кылуу далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирген.

Айсулуу Мукашеванын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып келет.

Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция кылган. Анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов иш президенттин жеке көзөмөлүндө экенин жана өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” демилгесин көтөргөнүн билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG