22-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовду тергөө 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу маалымат Атазовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
"Кошумча маалыматты жактоочусунан алынган соң дагы кабарлайбыз", - деп жазылды анда.
Бул күнү эртең менен Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги маалыматты ырастап, тинтүү иштери аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирген.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Свердлов округунан шайланып келген Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгон. Матраимов камалгандан кийин мандаты алынган.
Атазов быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары катоодон баш тарткан. Буга укук коргоо органдарынын ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турган деген маалыматы себеп болгону айтылган.(KS)
Шерине