Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана кенже уулу Кадырбек Атамбаев суракта экени кабарланды. Бул тууралуу 22-ноябрда мурдагы мамлекет башчынын кызы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, эртең менен күч кызматкерлери алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, апасын жана агасын суракка алып кеткен. Шагиева “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова да суракта экенин кошумчалады.
Бул боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) эч кандай маалымат тарата элек.
Бүгүн 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеткирилгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видео тараткан. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.
Бул күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников да үйлөрү тинтилгенин айтып чыгышкан.
Шерине