Киев соңку күндөрү кызуу талкууланып жаткан планды алганын алгачкы ирет ырастаганы.
20-ноябрда украин президентинин кеңсеси тараткан билдирүүдө Зеленский "согушка татыктуу чекит коюу үчүн пландын ар бир пунктунун үстүнөн иштөөгө макул болгону" белгиленет.
"Биз тынчтык үчүн америкалык тарап жана Европадагы, дүйнөдөгү өнөктөштөр менен конструктивдүү иш алып барууга даярбыз. Зеленский жакынкы күндөрү… Трамп менен дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана тынчтык үчүн зарыл негизги пункттарды талкуулайт" - деп жазылат анда.
Бул билдирүү Зеленский Киевде Пентагондун жогорку өкүлдөрү жана АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрисколл менен жолуккандан бир нече саат өткөндөн кийин жарыяланды.
Кошмо Штаттардын Киевдеги элчилиги бул жолугушууну "өтө конструктивдүү" деп сыпаттап, көптөн күткөн тынчтык процессинде "илгерилөө байкалып жатканын" кошумчалады.
Айрым серепчилер белгилегендей, маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен пландын шарттары 2022-жылдан бери Украинага чабуулун токтотпой жаткан Москванын талаптарына шайкеш келет.
Кошмо Штаттар даярдаган сунуштун чоо-жайы расмий билдирүүдө көрсөтүлгөн эмес.
Анткен менен Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, планда Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.
Соңку эки жыл ичинде дал ушул Вашингтондун жардамы Украинанын коргонуусун камсыздап турган негизги фактор болгон.
Мындан тышкары маалым каражаттары жазгандай, планга Украинанын аймагында чет элдик аскерлердин жайгашуусуна тыюу салуу жана Киевге мындан ары узак аралыктан атылуучу ракеталарды жеткирбөө деген шарттар да кирген.
Зеленский буга чейин аймагынан баш тартуу же армиянын мүмкүнчүлүктөрүн кыскартуу сыяктуу Москва сунуштаган талаптарды кескин четке каккан. Мындай шарттар Украинага жаңы коркунучтарды жаратат деген жүйө келтирген.
Саясий талдоочулар 28 пункттан турган планга Киевдин макул болушу "абдан күмөн" экенин белгилешет.
Ошентсе да Axios басылмаcы украин жана америкалык расмий өкүлдөргө таянып, соңку жолугушууларда Зеленский "мурдагыга салыштырмалуу "сабырдуу, макулдашууга даярдай" көрүнгөнүн жазды.
Зеленский өзү да жолугушуудан кийин Телеграмдагы баракчасына Украина "конструктивдүү, калыс жана ыкчам" иштөөгө даяр экенин белгиледи.
Ошол эле күнү Вашингтондогу Ак үйдө өткөн брифингде мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Американын атайын чабарманы Стив Уиткоф өткөн жумада украин өкүлдөрү менен тынчтык планын талкуулаганы айтылды.
Буга чейин Рубио сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк бар экенин ишара кылган эле.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сунушталып жаткан план боюнча учурда расмий сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастаган жок.
"Азыркы тапта “кеңешүүлөр” жүргөн жок. Байланыштар бар, албетте, бирок муну сүйлөшүү процесси деп айтууга болбойт", - деди Кремлдин өкүлү.
Кремль тараткан видеодо президент Владимир Путин Орусиянын Батыш тобунун командачылык пунктуна барып, фронттогу алдыга койгон максаттар "толук аткарылышы керек" экенин баса белгилегенин көрүүгө болот.
Мурдагы орус дипломаты Борис Бондарев Орусия кандай сүйлөшүүгө даяр экенин билүү маанилүү дейт.
"Москва согуштун биринчи күнүнөн бери сүйлөшүүгө даяр экенин айтып келет. Бул жаңылык эмес. Бирок кандай сүйлөшүүлөргө даяр? Алар Украинанын багынышын талкуулаганга даяр", - деди ал "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.
Маалымат каражаттарына жарыяланган Вашингтондун сунуштары Зеленскийди кыйын кырдаалга кептеп жаткандай.
Фронтто украин аскерлери саны жагынан да көп, курал-жарагы жагынан дагы орус армиясына каршы турууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Ошол эле маалда Москванын күчтөрү да оор жоготууларга учуроодо.
Азыркы тапта орусиянын армиясы стратегиялык маанилүү Покровск шаарына улам жакындап баратат. Андан тышкары суук түшүп калганда Украинанын энергетикалык инфраструктурасына катуу сокку уруп, буга чейин эле чарчап-чаалыккан калктын чыдамын кетирүүнү көздөп жаткандай.
Мурдагы америкалык дипломат, 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Вашингтондун санкцияларын түзүүгө катышкан Дэн Фрид да сөз болуп жаткан тынчтык планын "өтө начар сунуш" деп сыпаттайт.
"Мындай сунуштар мурда да болуп келген. Бул реалдуу эмес оюн болушу мүмкүн. Жакында көбүрөөк билебиз. АКШ администрациясынын Украина боюнча кадамдары адатта мынчалык жаман болбойт, бирок күтүлгөндөй жакшы да болбойт", - деп жазды X социалдык тармагына.
Зеленскийдин жолугушуулары Украинада кырдаал ого бетер чыңалып турган маалга туш келди.
Шаршембиге караган түнү Тернополь шаарында көп кабаттуу эки үйгө тийген орус армиясынын ракеталык соккусунан кеминде 27 адам набыт болуп, ондогон тургун жаракат алды.
Ошол эле күнү Запорожьедеги соккудан кеминде беш адамдын өмүрү кыйылды. Бул шаар 2022-жылы Москва басып алган төрт украин облусунун биринин борбору болуп саналат.
Ички саясий жагдай да Зеленский үчүн жеңил эмес. Президенттин айланасында бир нече министрлер жана анын көптөн берки бизнес өнөктөштөрү аралашкан ири коррупция жаңжалы тутанып, ал саясий жактан кыйла алсырап турат.
Украинада саясий басым күчөп, айрым депутаттар президент Владимир Зеленскийди администрация башчысы Андрей Ермакты кызматтан алууга ачык чакырышты.
Коррупция боюнча иликтөө өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын орус армиясынын аба соккуларынан коргоо үчүн курулуш жана коргонуу иштерине бөлүнгөн каражат туура эмес жактарга жумшалганын көрсөттү.
Мындан улам коомчулукта да нааразылык күчөп, Зеленскийдин командасына ишеним кайрадан солгундап жатат.
Шерине