Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:27

ИИМ шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топ кармалганын билдирди


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топтун аракетине бөгөт коюлганын 22-ноябрда кечинде билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон. Топтун ичинде так иерархия жана ролдордун бөлүштүрүлүшү болгон. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрымдары келечектеги кызмат орундарын алдын ала ич ара бөлүштүрүп алышкан", - деп билдирди ИИМ.

Кармалгандар, ИИМдин маалыматына караганда, 1963-жылы туулган А.У., 1998-жылкы С.Т., 1979-жылкы А.Ш., 1983-жылкы Э.Э., 1984-жылкы М.Д., 1986- жылы туулган Ш.Т., 1993-жылкы А.К., 1993-жылкы А.у.Э , 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылкы К.К.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды. Учурда кылмыш ишинин алкагында топтун башка катышуучуларын жана анын ишмердүүлүгүн каржылагандарды аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады мекеме.

Ушул эле күнү эртең менен ИИМ "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран мекемеге жеткирилгенин билдирген жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видео тараткан. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

48 саатка камакка алынгандардын арасында Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов бар экени белгилүү болгон.

Алардан тышкары, ИИМдин соңку маалыматы менен кошо жарыяланган сүрөттөрдөн кармалгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов, Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматов аттуу жаран бар экенин көрүүгө болот.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. (RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG