Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Мадумаровдун үйү тинтилип, өзүн жана жакындарын "белгисиз тарапка алып кетишкени" айтылды


Адахан Мадумаров. Архив сүрөт.
Адахан Мадумаров. Архив сүрөт.

Оппозиционер саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду жана анын жакындарын күч кызматкерлери алып кеткенден бери каерде экени белгисиз болуп жатканы тууралуу маалымат партиянын Фейсбуктагы баракчасына 22-ноябрдын кечинде жарыяланды.

Анда ушул эле күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы айтылды.

"Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкен. Азыркы учурда Мадумаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кайда экени жана алардын укуктук макамы боюнча расмий маалымат берилген жок", - деп жазылган маалыматта.

22-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана кенже уулу Кадырбек Атамбаев да суракта экени кабарланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын кызы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, эртең менен күч кызматкерлери алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, апасын жана агасын суракка алып кеткен. Шагиева “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова да суракта экенин кошумчалады.

Бүгүн 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеткирилгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видео тараткан. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

Бул күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, экс-президент Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников да үйү тинтилгенин айтып чыгышкан.

Укук тартибин коргоо органдары жогорудагы маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG