Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Армиядагы жообу жок жоопкерчилик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Куралдуу күчтөрдөгү соңку окуяларга байланыштуу аскер түзүмдөрүнүн милдеттерин аныктап, аскер жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү.

Сот Кой-Таштагы аскер бөлүгүндөгү "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөгөн жоокерлерге кордук көргөзгөн үч аскер кызматчысын камоо тууралуу чечим чыгарды.

Жоокерлерге мыкаачы мамиле кылууга жана шалаакылыкка жол берген башка аскер жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо боюнча адвокаттар Аскер прокуратурасына өтүнүч келтиришти. Аскер прокуратурасы бул кылмыш иши мыйзам чегинде тергелип жатканын билдирди.

Аткаруучулар камалып, жетекчилери боштондукта...

Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы Кой-Таш аскер бөлүгүнө караштуу "Ала-Тоо" полигонундагы окуяга байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, үч аскер кызматчысына - ага лейтенантка, старшинага жана прапорщикке айып тагылганын жарыялаган.

Айып коюлган ага лейтенант "Ала-Тоо" аскер полигонунун башчысы болгон. Андан кийин Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматынан алынган.

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова азыр жабыркаган тараптын адвокаты мыйзамсыздыкка көз жуумп койгон башка аскер жетекчилерине каршы кылмыш ишин козгоону өтүнүп жатканын билдирди:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Бул маселе подполковник Болот Көчкөновдун түздөн-түз жоопкерчилигиндеги иш болгон. Ал бул окуяны билген. Ага жабыркаган жоокерлер арызданган. Бирок аталган жоокерлер Аскер прокуратурасына арыз жазгандан кийин дагы, Көчкөнов эки ай бою эч кандай чара көргөн эмес. Ошол кол астында иштеген ээнбаш аскер кызматчыларын иштен четтетүүнүн ордуна, жабыркаган эки жоокерди аскерлердин астына тизип алып, "булар ушакчылар, эркек эмес, аларга юбка кийгизип койгула" деп айткан. Азыр биздин адвокат аскер фельдшери менен бул командирдин жоопкерчилигин кароо боюнча өтүнүч келтирип жатат. Мыйзам бузууну билип туруп ага чара көрбөгөнү - бери дегенде шалаакылык.

Буга чейин Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери "Азаттык" радиосуна кайрылган.

Алар аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилери быйыл жазында армияга чакырылган жоокерлерди башка бирөөлөргө кара жумушка иштөөгө жалдап бергени, ур-токмокко алганы, мазактап-кордогону жана аскердик жобого туура келбеген иштерге барганы боюнча даттанышкан.

Жабыркаган жоокердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатканы белгилүү болгон.

Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял...
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:56 0:00

Учурда кылмышка шектүү үч аскер кызматкери гана кармалып, аскер бөлүгүнүн командиринин жана башка жогорку аскер жетекчилеринин жоопкерчилиги боюнча Аскер прокуратурасы менен Башкы штаб үн ката элек.

Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Эдилбек Ыстакеев козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын айтуу менен чектелди:

- "Муну "Кылым шамы" таап чыкты" деп жатпайбы. Бирок биз буга чейин өзүбүз эле бул фактыны таап чыгып, кылмыш ишин козгогонбуз. Анын негизинде үч аскер кызматчысына айып коюлуп, алардын бөгөт чарасы катары сот камакка алуу түрүн тандады. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Анан анын жыйынтыгы боюнча биз окуяга укуктук баа беребиз.

Шалаакылык менен жоопкерсиздиктин себеби

Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү жоокерлерди мазактаган окуя жалпы армиядагы азыркы абалды көргөзүп турарын белгилеген айрым коомчулук өкүлдөрү бардык аскер бөлүктөрүн текшерип чыгуу жана ага карата жарандык көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрүштү.

Алыскы аймактардагы абал мындан дагы курч болушу мүмкүн экенин айткан талдоочулар муну Куралдуу күчтөрдөгү тартиптин начарлап кеткени жана аскер жетекчилеринин шалаакы мамилеси менен байланыштырды.

Өкмөттө коопсуздукту караган мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн милдеттеринин так эместиги жоопкерчиликтин жоголушуна алып келип жатканын айтты:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Куралдуу күчтөрдө тартиптин начар экенин ушундай окуялардын катталып жатканы көргөзүп турат. Бул аскердик тармакта башкаруунун начардыгынын көрсөткүчү. Башкаруу тутумунун жакшы иштебей жатканы. Анткени Коргоо министрлигин жоюп, анын ордуна аты-жыты белгисиз Коргоо комитети дегенди түзө койдук. Ал негизи өкмөткө баш иет. Анын үстүнөн Башкы штабды коюп койдук. Бул жерде "койчу көп болсо, кой арам өлөт" дегендей болуп жатат. Кимиси эмнеге жооп берери азырынча так эмес. Бири бери тартса, аркысы нары тартып, эч кимде жоопкерчилик жок болуп жатат.

"Кызматтан алуу маселени чечпейт"

Кийинки убакта Куралдуу күчтөргө караштуу тик учактын турфирмада туристтерди тейлеп учуп жүрүп, кыйроого учураганы жана аскер бөлүктөрүндөгү абалга карата Башкы штабдын үн катпай жатканы коомчулукта сынга кабылды. Буга байланыштуу Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевдин жоопкерчилигин кароо маселеси айтыла баштады.

Аскердик тик учак.
Аскердик тик учак.

​Бирок коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов аскер жетекчилигин кызматтан алуу маселени чечпесин айтып, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун издөөнү сунуш кылды:

- Жакында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аскер тармагындагы абал талкууга алынат болуш керек. Ошондо Раимберди Сейдахматович жооп берет. Ансыз деле ал президентке барып, абалды түшүндүрүп чыгып жатпайбы. Жоокерлерди бирөөлөр иштетип жатса же алар мушташа кетсе эле жетекчини кызматтан түшүрө берген болбойт да. Азыр жыл сайын эле өкмөт башчысын кызматтан алып жатышпайбы. Бул да ошондой болушу керекпи? Ал киши көп оор маселелерди чечти. Өткөндө кандай сонун аскер бөлүктөрүн ачты. Ошону да жазып койсоңор болмок. "Качан Раимберди Дүйшөнбиевди кетиресиңер, качан аны кызматтан аласыңар?" деп маселе көтөрө берген туура эмес болсо керек.

Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев менен бир нече ирет байланышып, Куралдуу күчтөрдөгү соңку окуялар тууралуу комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ошол эле убакта аскердик жана саясий чөйрөдө Коргоо комитети болуп калган мурдагы Коргоо министрлигин кайра калыбына келтирүү жана ага учурдагы Башкы штабдын ыйгарым укуктарын кайтарып берүү демилгеси көтөрүлө баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG