Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыгы талкууланды


Садыр Жапаров жана Масато Канда.
Садыр Жапаров жана Масато Канда.

Президент Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канданы кабыл алып, ортодогу көп жылдык кызматташтыкты, экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтты.

Президент өлкөгө "аймактык хаб" макамын алууга мүмкүндүк берүүчү транспорт жаатындагы долбоорлорго көңүл бурду. Ал ошондой эле энергетика жана агрардык секторлорду кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Өз кезегинде Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Масато Канданын белгилешинче, бул долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы, жемиштүү кызматташуу өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болот.

Былтыр июль айында АӨБ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” аттуу насыялык жана гранттык макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетине 50 млн долларлык колдоо көрсөтө турганы, анын 43 млн доллары насыя, 7 млн доллары грант түрүндө берилери кабарланган.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG