Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Манас шаарында калайман мушташка катышкандар кармалды


Жалал-Абад милициясы тараткан сүрөт.
Жалал-Абад милициясы тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында бири-бирине таш ыргытып, калайман мушташка катышкандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 19-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардын Спутник кичи районунда 15-20 киши бири-бирине таш ыргытып, урушуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган окуяда жараат алган 22 жаштагы Э.Б аттуу жаран Сузак райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милициянын билдиришинче, факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" беренесинин негизинде иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катарында Манас шаарынын 22-23 жаштагы 11 тургуну аныкталып, кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Азырынча мушташтын себептери айтыла элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG