Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы мушташтан кийин кармалган кытай жарандары 15-январга чейин камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан "Азаттыкка" билдиришти. Свердлов райондук сотунун 17-ноябрдагы токтомуна ылайык, алардын кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
15-ноябрда “Чайна Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыккан.
Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Анын абалы орто оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташка байланыштуу Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, 44 адам милицияга жеткирилген. Анын 16сы убактылуу кармоочу жайга камалганы кабарланган. Окуядан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, укук коргоо органдары жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырган.
Социалдык тармактарда жаңжалга катышкан кытайлыктар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга сапары учурунда бошотулганы тууралуу маалымат тараган.
Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине кыска маек куруп, айдоочулар катышкан мушташ боюнча суроого жооп берген. Бул окуяны ал чагым деп атаган жана мамлекеттин чет элдиктерди көзөмөлдөөгө толук күчү жете турганын белгилеген. Мамлекет башчы "шайлоо алдында бир нерсе уюштурууну көздөгөн чагымчыл топтор бар экенин, алар катуу кетсе камалышарын" айткан.
Тышкы иштер министри Жээбек Кулубаев буга чейин "Кабарга" Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган.
Кулубаев УТРКдагы маеги учурунда өлкөгө туристтер жана жумуш орундары жетишпеген учурда кыргыз компаниялары чет элдик жумушчуларды чакырып жатканын, буга уруксат бар экенин белгиледи. (КЕ)
Шерине