Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Бишкекте телефон шылуундугуна шектелип үч жаран кармалды


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Бишкекте телефон шылуундугу аркылуу жарандын 5,5 млн сомун алды деген шек менен үч жаран кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына Бишкектин тургуну кайрылып, бейтааныш адамдар ага телефон аркылуу байланышып, банктык эсебинде турган каражатты өзүлөрүнө котортуп алгандан кийин байланышка чыкпай калганын айткан.

"Алар алгач арыз ээсине чалганда Бишкектин вице-мэри деп өздөрүн тааныштырган жана муниципалитеттин адиси менен байланышууну сунуштаган. Кийин кайра байланышканда УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, анын банктык эсебинде турган акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, акчаны коопсуз жерде сактоо керек деген шылтоо менен шектүүлөр сумманы башка эсепке котортуп алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209- беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.у.И. жана А.у.Н. кармалып, камакка алынган.

Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.

Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.

Буга чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG