Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Шайлоо: БШК дагы 81 эл аралык байкоочуну каттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну каттады. Кыргызстандагы добуш берүүгө Монголия, Өзбекстан, Венесуэла, Индонезиянын шайлоо комиссиялары, Орусиянын Коомдук палатасы, КМШнын Байкоочулар миссиясынан, Түрк мамлекеттер уюму жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү байкоо салат.

БШКнын маалыматына акраганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочу катталды.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Учурда депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жүрүп жатат.

21-октябрга карата 407 жаран талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазды. Бул жараян добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганга чейин, тактап айтканда, 30-октябрда саат 18:00дө аяктайт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG