Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радионун" эфиринде 19-ноябрда билдирди.
Балыкчы–Кочкор темир жолунун узундугу 63 чакырым. Азыркы тапта анын 35 чакырымы толук жасалып, темир жол түзүлүшү коюлган. Андан аркы 37-44-чакырым тоону аралап өткөндүктөн азыр ал жерде жардыруу иштери интенсивдүү жүрүүдө.
"Негизи бул участокту биз 13 бөлүккө бөлүп, жардырып баратканбыз. Бирок 5 жана 6-участоктогу иштин көлөмү абдан чоң. Ар бир участок 250-300 миң куб метрге чейин. Ошондуктан алтынчы участокто иштер өткөн аптада жыйынтыкталды. 19-ноябрда Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун чекесинде жайгашкан участоктогу жардыруу иштерин аяктап алдык. Анда жол каттамын убактылуу деп бир саатка жаап, иштердин баарын аткарып алдык".
37-чакырымдан 63-чакырымга чейинки аралыкта иштер бир эле учурда жүргүзүлүп, жер тилкесин тургузуу, көпүрө, трубаларды орнотуу, темир жол станцияларынын орду тегизделип, пайдубалын куруу иштери аткарылууда.
Темир жол куруу иштери кыш айларында да токтобой, 2026-жылдын август айына карата аяктоо пландалган. Материалдардын арасынан рельстер сырттан, калганы Кыргызстандагы атамекендик өндүрүүчүлөрдөн алынып жатат.
Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушу 2022-жылы майда башталган жана 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.
“Кыргыз темир жолу” Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме “Орусиялык экспорттук борбор” жана “РЖД интернешнл” компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.
Былтыр ноябрда Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги АКШ өкмөтүнө бул долбоорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.(KS)
Шерине