Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Кар көчкү үч баланын өмүрүн алды


Оштун Кара-Кулжа районунда мал издеп жүрүп каза болгон балдардын сөөгү жерге берилди.

70 жаштагы Бектөрө Кенебаевдин үйүнүн азасы тоо менен тең болуп турат. Чырактай үч небересин бирдей жоготуп алган чоң ата менен чоң эненин ыйы айылдын аркы башына чейин угулууда.

Кара-Кулжа районунун Живпром айылында үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Сыймык Калмурза уулу, 8 жаштагы Азатбек Кенебаев жана 6 жаштагы Нурдөөлөт Калчоро уулунун сөөктөрү карга тоңуп калган жеринен табылды. Балдар 18-март күнү эртең менен Жан-Чукур жайытына жылкы издегени чыгып, катуу бороондо калып кетишкен.

Айчүрөк Жантөрөева
Айчүрөк Жантөрөева
Маркум наристелердин чоң апасы Айчүрөк Жантөрөева окуяны мындайча тизмектеди:

- Күнүгө эле ушинтип мал кайтарып, ойноп жүрүшчү эле. Кээде кечкиге чейин деле жүрө беришчү. Анан эми балакет болуп, чөптүн жоктугунан жылкыларын койо берип жиберишкен экен. Аны карайбыз деп атып ушундай болуп калды.

Издеп жүрүшүп катуу бурганакка тушугуп, бир чуңкурга кирип кетиптир да. Биринчи күнү акеси издеп барып, кыйкырып таппай, мукурап келе бериптир. Ал күнү аябай кар жаап, туман болуп жаткан. Анан эртеси да таппай коюшту. Элдин баары чыгып атып, куткаруучуларды чакырып жатып араң таап келишти.


"Кичинекейлердин ата-энелери да чет өлкөдө болчу" дейт айылдын жашоочусу Кубаныч Мамасеитов:

- Экөө уулунун балдары, бирөө кызынын баласы. Чоң ата, чоң энесинин колунда болгонуна 3-4 жылдай болуп калды. Өздөрүнүн ата-энелери турмуштук шартка байланыштуу Орусияда жүрүшөт. Анан эми балдар өздөрү деле чыйрак балдар эле, жылда жайлоого чыгып малга бышып калган болчу. Кокустук деген, кокустук экен да.

Айылдыктар алгач жапа тырмак жөө-атчан издеп жыйынтык болбогондо гана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабарлашкан. Үчүнчү күн дегенде гана куткаруу кызматынын өкүлдөрү, атайын адистештирилген иттер ишке киришкен. Бирок баары кеч болуп калган эле.

Министрликтин райондук бөлүм башчысы Азатбек Абдраимов ата-энелердин кайдыгерлигин айыптайт:

- Эми айыл болгондон кийин бул жерде бардык эле балдарды 5-10го чыгаары менен эле "бышып калды" деп мал кайтартат. Балдарды каратпагыла деп эч кимге айта албайсың. Бирок ата-энелердин кайдыгерлиги, шалаакылыгы ушуга алып келип отурат. Мүмкүнчүлүк болсо тирүү тапканга не жетмек. Айла жок экен, сөөгү гана табылды.

Ал эми айылдын башка бир тургуну Мамаш Капаров кырсыкты кыйын турмуштун кесепети менен байланыштырат:

- Бул үчүн кимди күнөөлөй аласыңар? Мунун түбү бул жерде эмес, тереңде жатат. Бул окуя кыйын турмуштан, курсак тойгузуш керек деген тырмышкан тиричиликтен чыгып атат. Балдар кемпир-чалдын колунда калбаганда мындай кайгылуу окуя болмок эмес да. Ал үчүн балдардын ата-энеси чет өлкөгө кетпеш керек эле, алар кетпеш үчүн миграция деген балакет болбош керек эле. Миграция болбош үчүн жумушсуздук жок болушу керек. Анан балдарды ата-энеси маңдайында отуруп жакшы карап, тарбиялайт болчу. Маселенин, ошол тамырын кыркыш керек, түпкү өзөгүн чечиш кажет. Мына бардыгыбыздын үйүбүздө 4-5тен небере бар. Багып атабыз. Мага окшогон чалдардын, 70ке чыккан кишилердин карап аткандыгынын кесепети.

"Канткен менен бир үй-бүлө үчүн кыямат сыяктуу эле болду" дейт Капаров:

- Айылдыктар 100дөй киши жайылып жүрүп араң таптык. Дагы жакшы табылып калды. Табылбаганда кандай болот эле? Бул ар бир адамдын муунун бошотуп, жүүнүн калтырата тургандай өтө кайгылуу, оор нерсе болуп калды. Балдар үчүн бир эле бул үй эмес, бүт район, бүт кыргыз эли кайгырып жатат.

Былтыркы жылы да ушул эле Кара-Кулжа районунда бир наристе мал издеп жүрүп дарыяга түшүп кеткен. Бир канча күндүк издөөдөн кийин да баланын сөөгү табылбаган бойдон калган.

Соңку күндөрдөгү аба ырайынын кескин өзгөрүшү аймакта мындан башка да кесепеттерге себепкер болууда. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда бороонду карда жүздөгөн унаалар 2-3 күн камоодо калса, Алайдын Нура айылында кар көчкү бир үй-бүлөнүн тогуз жаштагы кызынан айрыган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG