Cел каптоо коркунучу бар 16 жерде кооптуу абал жаралып, 19-апрелде Ноокен районундагы Кара-Үңкүр дарыясынан суу ашып, үч айылдын эли убактылуу башка аймакка көчүрүлгөн. Учурда адистер сел алган жерлерди жеринде текшерип, суу жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Ханазаровдордун үй-бүлөсү бул түнү сел коркунучунан улам үйүндө түнөгөн жок. Жубайы төрт баласын алып туугандарына барса, күйөөсү Мурадылла үйүнүн жанында, автоунаа ичинде түнөдү. Ал жаңы конушка сел олуттуу зыян алып келбегени менен короодогу бакча жемиштери жарактан чыкканын айтууда:
- Бактыга жараша сел ташкыны күндүз болуп, коопсуз жайга чыгууга мүмкүн болду. Биздин жаныбызда чоң канал бар, андан суу ашып, эшик алды көлкүлдөп калды. Эч ким жардам берүү үчүн келген жок. Бир-эки адам суунун нугун көрүп, кайра эле кетип калышты. Милиция кызматкерлери гана түндө үйгө кирбегиле деп эскертип кетишти. Табият кырсыгы бизде биринчи жолу орун алып жатат. Арык-каналдар өз убагында тазаланганда балким болбойт эле.
300 түтүн эл жашаган Черемушка айылында 19-апрелде орун алган табият кырсыгынын кесепеттери азыр так эсептелип чыга элек. Учурда дарыянын жээктерин бекемдөөгө өзгөчө күч тартылган.
Базар-Коргон жана Ноокен райондорун аралап өткөн Кара-Үңкүр дарыясында суу кирип, жээкте жашаган айылдарга коркунуч жаратууда.
19-апрелде Арал айылына жакын жердеги сай жээгин суу жиреп, миң гектардан ашык эгин аянтын жана кээ бир турак жайларды каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Нурканбек Медетбеков коркунучтан улам кечээ 5,5 миңден ашуун тургун көчүрүлгөнүн айтты:
- Дарыянын 300 метр аралыгын суу жиреп, төмөндөгү айылдарга суу каптоо коркунучу жаралган. Ошол себептүү кечээ түштөн кийин Ноокендин Чек, Кармоцех, Сары-Багыш айылдарынын 800дөн ашуун түтүн элин башка жакка убактылуу чыгарып турууга мажбур болдук. Кечке жуук дарыядагы суунун деңгээли азайгандыктан кечки саат 8де жашоочуларда кайра үйлөрүнө кайтууга уруксат бердик. Учурда бул жерде 40тан ашуун куткаруучу жана 20 техника иштеп жатат. Суунун нугун буруу үчүн колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз.
Облус аймагында кооптонуу жараткан 15 дарыя бар. Алардын жээгиндеги аймактарда жалпы 12 айыл өкмөттүн 45 айылы жайгашкан. Учурда сай жээктериндеги 15 миң кожолукка кооптуу абал жаралды.
Кара-Үңкүр дарыясынын жээгиндеги сел ташкындарын жоюуга Өзбекстандын техникалары да тартылып, биргеликте иштеп жатышат. Миңден ашуун жергиликтүү тургундар да коргонуу иш-чараларына тартылды. Ага катышып жаткан Ноокендин Арал айылынын тургуну Бактияр Назаров жыл сайын ушундай кырдаал түзүлөрүн айтты:
- Өзүңүздөр көрүп тургандай жээкти кечээ суу жиреп кетти. Бул жакта эгин талаасы бар болчу. Айылдыктар биригип кечээги күндөн тарта жээкти бекемдөө иштерине жардам берип жатабыз. Жарымыбыз айылдардан тал кесип, калгандары бул жакта мүшөктөргө кум толтуруп жээкти бекемдеп жатышат. Бизде жыл сайын ушул абал. Былтыр, андан мурдагы жылы да сел катталган. Бул жерде оңдоо жана бекемдөө иштери жакшы болбой жатат. Ошол себептүү жыл сайын элди түйшүккө салууда. Азыр да жакшы техника тартылган жок.
Жалал-Абад облусунда былтыркы жылга салыштырмалуу чукул кырдаалдар көп катталып жатат. Маалыматтарга караганда, республикада катталган табигый кырсыктын 50% жакыны Жалал-Абадда орун алууда.
Мындай кырсыктардын кесепетинен быйыл жалпы келтирилген материалдык чыгым 15 миллион сомдон ашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев учурда ушул аймактарда болууда.
- Министрлик колдон келген аракеттердин баарын көрүүдө. Өзгөчө быйыл табигый кырсыктар көп катталып жатат. Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында азыр активдешип жаткан убагы. Ошол себептүү министрдин эки орун басары бири Чүйдө, бири мен ушул аймактарда жүрөм. Дарыялардагы суунун нугунун бурулушуна адамдык факторлор да таасирин берүүдө. Анткени сай ичинен курулушчулар кум-шагыл ташып, суунун нугун буруп жатышат. Ошол себептүү жээктерди жиреп кетүүдө. Бул дамбалар 1970-жылдары курулган.
Жыл башынан бери облуста 135 табигый кырсык орун алып, төрт адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми былтыр жыл ичинде 86 жолу өзгөчө кырдаал катталган. Быйыл болсо 500гө жакын жер көчкү активдешти. Азыр 286 кооптуу деп саналган тилкелерде 1600дөн ашык үй-бүлө көчүрүлө элек.