Комиссиянын мүчөлөрү мындай чечимге "криминалга тиешеси бар, акыркы беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашаган эмес жана диний ишмердикти саясий максатта колдонгон" деген жүйөлөрдөн улам келгенин билдирген. Катталбай калган айрым талапкерлер бул чечимдерге нааразы болууда.
БШК 8-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын, мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрөт.
Ушул эле күнү талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.
Борбордук шайло комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев чүчүкулак иштерин эртелетүү үчүн талапкерлерди каттоону тездетишкенин 7-ноябрда билдирди:
“Негизи мыйзам боюнча 9-ноябрга чейин. Анан эми бүгүн жумуш тобу берген маалыматтардын баарын карап жетишсе, каттоочусун каттап, баш тартчусун баш тартып, бүгүнкү күн менен бүтөт. Биз эртерээк бүтүрөлү деп атканыбыз, бюллетендеги номери, теледебаттарга чыкканы боюнча чүчүкулак болот да. Талапкерлерге да ыңгайлуу кылып, ошону эртерээк өткөрүп берели деп атабыз. 10-ноябрда үгүт иштери башталат, ошого чейин даяр болуп калса деп. Негизи 589 киши арыз берген, анын ичинен 507си төлөмүн төлөптүр болчу. Автоматтык түрдө калгандары кирбей калмак. Анан бир тобу өздөрү арыз жазды, айрымдарын биз каттаган жокпуз”.
"Криминалга байланышы бар": бир катар жаран катталган жок
БШК мүчөлөрү 6-ноябрь күнү жүздөй жарандын депутаттык шайлоого талапкер кылып каттоо маселесин карап, алардын ичинен 37 жаранды каттоодон баш тарткан, дагы 9 жаран шайлоого катышуудан чыгуу арызын беришкен. Каттоодон баш тартылган 37 жарандын 34ү шайлоо фондун ачып, күрөө каражатын салбаганы себеп болгон.
Дагы үчөөнө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына таянып кылмыштуу топко катышы бар деген жүйө менен баш тартылды. Рузмухаммад Исабаев менен Нурланбек Пусуров кылмыштуу топко эч качан катышы болбогонун билдиришти. Ички иштер министрлигинин өкүлү талапкер болууга арыз берген жаран Кудрет Тайчабаровдун кримтөбөл Камчыбек Көлбаев менен түшкөн сүрөтү бар экенин, учурда ал ички ыкчам каттоого алынганын, кылмыштуу топторго тиешеси бары-жогу териштирилип жатканын кабарлады. Тайчабаров болсо Көлбаев менен 2021-жылы күзүндө жолугушканын ырастап, ага “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” кызыкчылыгы үчүн барганын айтты:
“Сен өзүңдүн маселең менен эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн келгениң үчүн мен бул маселени чечкенге жардам берейин. Эртең ошол жеке колго өтүп кеткен мамлекеттик темир жолдун бутагын кайра документтик түрдө СЭЗдин балансына өткөрүп бергиле деп тапшырма берем. Андан тышкары, мындан кийин эч ким ”биз ОПГ өкүлүбүз, общактан келдик” деп СЭЗдин аймагына келип жолой албайт. Ага кепил катары мени менен сүрөткө түшүп, бирөө келчү болсо ошону көрсөтүп, эч кимди жакын жолотпосоңор болот. Биз Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратпайбыз” деп убада берип түшкөндөгү сүрөт”.
Тайчабаров бул боюнча 2022-2024-жылдары УКМК иш жүргүзүп, териштирүүдө анын кылмышка тиешеси жоктугу аныкталганын билдирди.
8-ноябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мурда уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т.К.М аттуу жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда,шектүү зарыл болгон тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген. Министрлик кармалган жаран Жогорку Кеңешке болгон шайлоого катышууга ниеттенип, кийин интернетке анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен чогуу түшкөн сүрөтү тараганын кошумчалады.
Кылмыштуу топторго катышы бар деген жүйө менен буга чейин Шайлообек Атазов, Болотбек Дүйшөналиев аттуу жарандарга да каттоодон баш тартылса, экс-депутат Жалолидин Нурбаев мурда кыскартылган кылмыш иштеринин фигуранты болгон деген негизде четтетилген.
Муну менен катар соңку беш жыл ичинде алты айдан ашуун өлкө сыртында жүргөн, диний уюмдарда иштеген деген жүйө менен катталбай калгандар да бар.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “кылмыштуу топторго тиешеси бардыгы” үчүн каттоодон баш тартуу боюнча чечимдер укук коргоо органдарынын расмий маалыматтарына негизделгенин билдирди:
“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча ушундай маалыматтарды алууда биз Ички иштер министрлиги менен кызматташабыз. Бул конституциялык мыйзамдын талабы. Ошондуктан бул мамлекеттик орган расмий түрдө берген каттын маалыматынын негизинде биз тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз. ИИМ расмий түрдө ушундай жогорудагы баяндамада айтылгандай маалыматты берип атат. Биз чечим кабыл алганга милдеттүүбүз. Кандай гана чечим кабыл албайлы, эгер сиз макул болбосоңуз, сотко кайрылып даттансаңыз болот”.
"Ыңгайсыз талапкерлер чертилип калып жатат"
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 30-октябрда аяктаган.
Жалпысы 589 адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Алардын 365и эркек, 224ү аял.
Талапкерлердин шайлоо фонддоруна 7-ноябрга карата 477 млн сомдой каражат чогулган. Анын 39% же 188 млн сомдон ашууну иштетилген.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай Кыргызстандагы шайлоолордун тарыхында эрежелер жана даярдык иштери ар дайым тандалма жана бийликтин маанайына ыңгайлашкан өңүттө жүрүп келгенин айтты. Ал азыркы шайлоо эрежелери да ыңгайсыз талапкерлерди чертип ыргытууга жарап берип жатат деп эсептейт:
“Азыр деле ошондой бир сүрөттү байкагандайбыз. Себеби эмнеде? Анткени, шайлоо реформасы деп атап, шайлоо эрежесин, мыйзамын өзгөртүшкөн. Ага ылайык, бир топ бийликке ыңгайсыз адам аттана албай калышты. Бул деген жанагы эки пункт – биринчиси, сот чечими, экинчиси болсо беш жыл ичинде алты айдан ашык чет өлкөдө жүрбөш керек деген. Бул эң чоң кемчилигин көрсөттү. Эң биринчи башкы катасы, мыйзамды артка иштетип жаткандыгы. Биздин Конституцияда эң башкы принцип жазылган – мыйзам арткы күчкө ээ эмес деген. Буга чейинки окуяларды, буга чейинки чечимдерди азыркы кабыл алынган мыйзамга дал келбейт деп туруп, бир топ талапкерлерди шайлоодон четтетип коюшту. Бул эң чоң фундаменталдуу катачылык деп ойлоймун”.
Тандоо укугу элдин гана колунда
Бийлик өкүлдөрү шайлоого байланыштуу айтылып жаткан сын сөздөрдү четке кагып келет.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде шайлоодогу үгүтчүлөр боюнча коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселеге байланыштуу пикирин билдирип, ким утарын эл гана чече турганын белгилеген:
"Шайлабай коюш элдин колунда. Элге ошол үчүн кайра-кайра кайрылуу жасап жатам го, “добушуңду сатпа” деп. Үгүтчүгө эмес, Кудайдын, анан элдин колдоосуна ишенгиле".
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айрым талапкерлердин "бийликтин колдоосун алдым” деген өңдүү сөздөрүнө ишенбөө керектигин билдирген:
“Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду”.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүнө жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине кайрылып, шайлоого аралашпоого чакырган.
“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе - анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн.
Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.
Шерине