Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Сузакта көпүрө жарактан чыкты


Сузак районунун Саты айылындагы көпүрө жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 17-18-апрелде жаап өткөн жамгырдан Саты сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 кожолукту тейлеген ички чарбалык көпүрөнүн жээгин алып кеткен. Айылда автоунаа каттамы үчүн айланма жол бар.

Жаанга байланыштуу райондогу Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери да уланууда. Дарыяда суунун деңгээли жогорулап, Ынтымак, Тайгараев, Достук айылдарында тосмолордун жээктерин жууп кетти. Благовещенка, Тайгараев, Достук, Ынтымак, Арал айылдарындагы турак жайларга жана айдоо жерлерге кооптуу абал жаралды.

Апрель айында жаанчыл аба ырайына байланыштуу Кыргызстанда көчкү, сел коркунучтары сакталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG