Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Казакстан селдин кесепети менен күрөшүүдө

Казакстандагы суу каптоо. 2017-жыл 17-апрель
Казакстандагы суу каптоо. 2017-жыл 17-апрель

Үч күндөн бери Акмоло, Актөбө, Караганда, Костанай жана Түштүк Казакстан облустарынын айрым шаар, айылдарын суу каптоодо.

Жүздөгөн турак жайлар суу алдында калып, бир нече миң тургун коопсуз жайга көчүрүлдү. Акмолонун Сандыктау айылында суу баскан үйлөрдүн биринен орто жаштагы аялдын сөөгү табылганы кабарланууда. Бул аймактарда чукул кырдаал киргизилип, эвакуация дале уланып жатат.

Актөбөдө Илек дарыясы өз нугунан чыгып жүздөгөн турак жайларды каптаган. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар департаменти суу ташкын коркунучу сакталып турганын эскертүүдө. Дарыянын жээгинде жайгашкан “Рассвет-Лесхоз" дача тибиндеги конуштун жашоочусу Тоты Токышева суу 14-апрелдин түнүндө көтөрүлүп баштаганын айтууда.

- Түн ичинде тамыбызды суу каптады. Биз сыртка чыга албай калдык, саат таңкы сегизге чейин отурдук. Таң эрте келип бизди үйдөн алып чыгышты.

Тоты эки күндөн бери байланыша албай жаткан кошуна жашаган үй-бүлөдөгү улгайып калган тургундардын жана алардын төрт небереси менен келинине сарсанаа болуп турат.

16-апрель күнү "Азаттык" радиосунун кабарчысы Илек дарыясынын жээгинде жайгашкан Кирпичный конушунда болуп келген. Тургундар үйлөнмө кайыктар менен суу каптаган үйлөрдө калган кошуналарын куткарып жатканына күбө болду. Куткаруу иштеринде "УК-1" ишканасынын кароолчулары жана бир нече полиция кызматкерлери гана жүргөн.

- Үйүбүздөн документтерибизди алууга кайык беришкен жок. Өзгөчө кырдаалдар департаментине чалып сурасак, "сатып алгыла" деп жооп беришти. Биз кайыкты кайдан алабыз? Алдын ала эч ким эскерткен эмес, - деди үйүнөн документтерин алалбай жаткан аял.

Актөбөдө көбүнчө Илек дарыясынын жээгине жакын жайгашкан үйлөр катуу жабыр тарткан. Суунун деңгээли тамдын терезесине чейин жетти. Учурда суу каптаган турак жайларга кайык менен гана жетүүгө мүмкүн.

Акыркы жылдары дача тибиндеги бул конушта туруктуу жашагандар көбөйгөн. Эми алар кырсыктан бузулган турак-жайларын кантип оңдорун билбей башы катып турган чагы.

- Актөбө районуна көчүп келгенибизге он жылдай болду. Ушул үйдү эптеп алганбыз. Эл булар дачада эмнеге жашап жатат деп ойлоп жатышса керек. Болгону жашаган үйүбүз ушул. Бардык тапканыбыз суу алдында калды, - деди Акханша Алимбекова аттуу жашоочу.

Селден куткарылгандар Актөбөдөгү мектептерге жайгаштырылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалымдашынча, алар ысык тамак жана жууркан менен камсыз болууда.

Расмий маалыматка ылайык, 600гө жакын турак үйдү суу каптап, андан беш үйдүн дубалы кулап түштү. Учурда Актөбөдөгү он үч райондо сел каптоо коркунучу бар экени эскертилип жатат. Сууда калган турак үйлөрдөгү баалуу буюмдардын уурдалышынын алдын алуу үчүн аймактагы жыйырма бир жерге блокпосттор орнотулду.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти Актөбө, Каргалы, Сазды ири суу сактагычтарга "өзгөчө көзөмөл" киргизилгенин маалымдады. Казакстанда жыл сайын ушул убакта, кар эригенде дарыялар нугунан чыгып, өлкөнүн бир топ аймактары суу ташкынга кабылат.

Актөбөдөгү суу каптоо

Суу каптаган райондогулар кайык менен жылууда.
1/12 Суу каптаган райондогулар кайык менен жылууда.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Актөбөдө суу астында калган үйлөр.
2/12 Актөбөдө суу астында калган үйлөр.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Кирпичный, Келешек, Махамбет, Каргалы, Заречный-2 райондору суу алдында калды. Оор кырдаал сакталууда.
3/12 Кирпичный, Келешек, Махамбет, Каргалы, Заречный-2 райондору суу алдында калды. Оор кырдаал сакталууда.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Кирпичный районундагы "Эко" коомчулугунун жашоочулары документтерин гана алууга үлгүргөн.
4/12 Кирпичный районундагы "Эко" коомчулугунун жашоочулары документтерин гана алууга үлгүргөн.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Кирпичныйдын жашоочулары баалуу буюмдарын желим кайык менен ташып жатышат.
5/12 Кирпичныйдын жашоочулары баалуу буюмдарын желим кайык менен ташып жатышат.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Келешек районунун жашоочуларынын айтымында, суу каптоо 14-апрелде башталган.
6/12 Келешек районунун жашоочуларынын айтымында, суу каптоо 14-апрелде башталган.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Актөбө облусунун чукул кырдаалдар кызматы 290 үй суу астында калганын билдирди.
7/12 Актөбө облусунун чукул кырдаалдар кызматы 290 үй суу астында калганын билдирди.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Актөбө четиндеги сууда калган айыл.

8/12 Актөбө четиндеги сууда калган айыл.

Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Облустук Чукул кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, 16-апрелде  743 жашоочу эвакуация болгон.

9/12 Облустук Чукул кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, 16-апрелде  743 жашоочу эвакуация болгон.

Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
200дөй адам мектептерде ачылган 12 эвакуациялык жайга, калгандары туугандарыныкына жайгаштырылды.

10/12 200дөй адам мектептерде ачылган 12 эвакуациялык жайга, калгандары туугандарыныкына жайгаштырылды.

Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү бийлик Каргалы дарыясы дагы ташып кетүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.
11/12 Жергиликтүү бийлик Каргалы дарыясы дагы ташып кетүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Актөбөдөгү куткаруучулар.
12/12 Актөбөдөгү куткаруучулар.
Казакстандын Актөбө облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
• 16x9 Image

Токтосун Шамбетов

"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan

Куржундар
XS
SM
MD
LG