Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Кремль Вадим Красиковдун ФСБда кызмат кылганын моюнга алды


Вадим Красиков жана Владимир Путин.
Вадим Красиков жана Владимир Путин.

"Свобода" радиосу Кремль Вадим Красиковдун Орусиянын ФСБсындагы кызматын тааныганын жазды. Буга чейин Москва анын чалгын кызматтарына тиешеси бар экенин моюнга албай келген.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Красиков "Альфа" бөлүгүндө Путиндин жансакчылары менен бирге кызмат өтөгөн. Орусиянын мамлекеттик басылмалары Песковго шилтеме берип, Кремль Словенияда тыңчылык үчүн соттолгон жубайлар Артём жана Анна Дульцевдердин да орус чалгын кызматы үчүн иштегенин моюнга алганын жазышты.

Орус жараны Вадим Красиков чечен жикчилеринин мурдагы талаа командири, Германияда баш калкалап жүргөн Зелимхан Хангошвилинин өлүмү үчүн өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Орусия Германиянын федералдык прокуратурасынын "киши өлтүрүү орус бийлигинин буйругу менен жасалган" деген айыбын четке кагып келген.

2-августта "Кавказ.Реалии" сайтына курган маегинде Хангошвилинин жесири Манана (Раиса) Циатиева немис бийлиги анын үй-бүлөсүнө Красиков айырбашталып жатканы тууралуу эч кандай кабар бербегенин айтты.

Кезинде чечен жикчилеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили 2019-жылы немис баш калаасында окко учкан.

1-августта Батыштын бир нече өлкөсү Орусия менен абакта отурган жарандарын айырбаштады. Орусия жана Беларус түрмөлөрүндө отурган 16 кишини бошотуп, алардын ордуна Батыш өлкөлөрүндө камалган сегиз жаранын кайтарып алды.

Алар: Германиядан Вадим Красиков, Словениядан жубайлар Артем жана Анна Дульцевдер, АКШдан Роман Селезнев, Владислав Клюшин жана Вадим Конощенко, Польшадан Павел Рубцов, Норвегиядан Михаил Микушин.

Орусиянын президенти Владимир Путин айырбашталып, камактан бошонуп чыккан жарандарын аэропортко өзү барып, ардак кароол менен тосуп алган. (AiA)

XS
SM
MD
LG