Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Орус тыңчыларынын Кыргызстандагы тымызын иштери


The Insider басылмасы жарыялаган орус тыңчылары: Иван Жигарев (Иван Жихарев), Максим Смирнов
The Insider басылмасы жарыялаган орус тыңчылары: Иван Жигарев (Иван Жихарев), Максим Смирнов

Журналисттик иликтөөлөргө багытталган The Insider интернет басылмасы орусиялык атайын кызматтын тыңчылары бейөкмөт уюмдарга, оппозициялык кыймылдарга аралашып, маалымат жыйнап жүргөн учурлар аныктаганын жарыялады.

Анын ичинен кыргызстандык укук коргоочуга көмөк көрсөтүү өнөктүктөрүнө аралашып жүргөн адам тууралуу да айтылат. Бул окуя орус атайын кызматтары Кыргызстандагы жарандык коомдун ишмердигине жашыруун аралашкан эмеспи деген суроону талкууга чыгарды.

The Insider басылмасынын иликтөөсүндө Орусиянын Башкы чалгын кызматынын (ГРУ) 29155-аскер бөлүгүнүн үч тыңчысы бейөкмөт уюмдардын, оппозициячыл кыймылдардын чөйрөсүнө өздөрүн укук коргоочу, журналист, кинорежиссер катары көрсөтүп, бир нече жылдар бою жашыруун иштегени айтылат. Иликтөө мындай кызматкерлердин бири Иван Жигарев аттуу адам экенин аныктаган. Ал Иван Жихарев деген ысым менен 2017-жылы Сахаров борборуна караштуу Москвадагы Адам укуктары боюнча ачык мектепке кошулган. Укук коргоочулардын айтымында, Жихарев "эң жигердүү ыктыярчы" болгон, окуу жайдын жетекчилигинин көптөгөн, анын ичинен каржылоону талкуулаган жыйындарына катышып, "экология маселелерине басым жасаган" жана "Эркин Орусия" форумунун иш-чараларына дайыма барып турган. Ал укук коргоочулар менен 2021-жылга чейин байланышта болгон.

"Жихарев 2022-жылы француз бийликтери ГРУнун бул өлкөдөгү жашыруун базасына барган бир нече офицерлердин бири экенин ачыкка чыгаргандан кийин кызматтан алынган болушу мүмкүн", - деп жазат The Insider.

Иликтөөдө аты аталган Иван Жихарев камактагы укук коргоочуларды колдоо кампанияларына катышып, кыргызстандык Азимжан Аскаров боюнча иштерди координациялап, ага чогулган акчаларды которуу менен алектенгени басылманын иликтөөсүндө айтылат.

Кесиптештери "эгерде сиз бир нерсе кылууну сурансаңыз, ал эч качан баш тарткан эмес, бардык жолугушууларга катышып жүргөн" деп айтышканын The Insider жазды.

"Бир-дүйнө - Кыргызстан" кыймылы укук коргоочу, 2010-жылкы июнь окуясынан кийин өмүрүнүн аягына чейин соттолгон Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу маселеси менен алектенип келген. 2020-жылы Аскаров 69 жашында Бишкекте түрмөдө көз жумган.

Төлөкан Исмаилова жана Азимжан Аскаров.
Төлөкан Исмаилова жана Азимжан Аскаров.

Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова Иван Жихарев аттуу ыктыярчы же укук коргоочу тууралуу мурда-кийин укпаганын жана тааныбай турганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, соңку учурларда Орусиядан алар менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирген каттар көп түшүүдө.

"Акыркы жылдары бизге мониторинг жасайбыз, режиссербуз, даректүү тасма көрсөтөбүз жана укук коргоочубуз деп Орусиядан каттар, кеңсеге чакыруулар көп келген. Бирок биз илгертеден эле Орусиянын ушундай технологияны колдоно турганын билебиз да. Украинадагы согуш башталгандан бери көбүнчө маданият жаатынан келе башташты. Азыр журналист же релокантмын деп келгендерди деле аябай текшеребиз. Жигарев же Жихарев - бир эле тамгада айырма болуп жатат, чындыгында ушундай ат менен активист бар экен Москвадагы Адам укугу боюнча мектепте. Аскаровго жардам берген деп айтып жатат, биз уккан дагы эмеспиз, көргөн дагы эмеспиз. Балким, түрмө системасы аркылуу кирген. Бирок ошону пайдаланыптыр. Аскаровдун чыныгы иши чечилсе, ал жерде Орусиянын бети ачылмак. 2010-жылы аянтта дагы, Июнь окуясында дагы канча тыңчылар кармалган. Ошол боюнча жоголуп кетпедиби. Бирок эч кандай сот, ачыктык болгон жок", - деди Исмаилова.

Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери Борбор Азия өлкөлөрүндө тынымсыз иштерди жүргүзүп келгени боюнча буга чейин бир нече маалыматтар чыккан.

Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Орозбек Молдалиев КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда "бири бирибизди аңдыбайбыз" деген макулдашуу болгонуна карабай башка өлкөлөрдүн, Москванын тыңчылары Кыргызстанда кармалган учурлар болгонун белгилеп жатат. Талдоочу өлкөдөгү диний абал, улут аралык мамилелер, коргонуу боюнча жагдай тыңчыларды кызыктырышы мүмкүн деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Чек ара маселеси такталып бүтө элек, бүтөбүз деген аракет болгону менен, кыргыз-тажик чек арасында эки жолу согуш чыгып, абал оор болду да. Ошол кезде алардын кол саларын билбей калганыбыз бир аз өкүнүчтүү. Бирок ушул маселелерден кабардар болуп жаткан мамлекеттер бар. Түрткүнчүк берип жаткандар бар. Булардын акыбалы кандай, ортодогу карама-каршылык чечилеби, жокпу деген мамлекеттер бар өзүбүздүн эле тегерегибизде. Ошол эле биз мүчө болгон ЖККУ, КМШда деле. Ошондуктан биз өзүбүз коопсуздукка катуу көңүл буруп, мекенчилдик маселесин жогорку деңгээлге чейин чыгарышыбыз керек".

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова дүйнөдө геосаясий абал курчуган сайын ири өлкөлөрдүн Кыргызстанга кызыгуусу күчөй берет деген пикирде. Өзгөчө Орусия Украинага басып киргенден кийин бул өлкө таасирин күчөтүүгө аракет кылууда деп эсептейт ал.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Жакынкы Батышта кырдаал күчөгөн сайын Кыргызстанга кызыгуу арта берет. Өзгөчө Орусиянын кызыкчылыгы абдан чоң деп ойлойм. Алар "мурунку Советтер Союзун калыбына келтиришибиз керек" деген өздөрүнүн экспансиялык саясатын жүргүзүп жатпайбы. Геосаясий максаттарын ачык эле айтып жүрүшөт. Азыр таасирин күчөткөнгө аракет кылууда. Орусияда колдонулган тажрыйба, ал жактагы тенденция ушул жакта жайылтылып жатат. Бейөкмөт уюмдар тууралуу, ЖМК жөнүндө мыйзамды киргизүүнү көздөшөт. Биздин ички иштерибизге кийлигишип жатат. Биз буга туруштук бере албай жатабыз. Бул эгемендикке чоң коркунуч жаратат. Бизде бейөкмөт уюмдар өлкөнүн саясий процесттерине аралашып, ыңкылап уюштурган иштерди жасаган жок да. Алар адам укуктарын эле коргоп келди", - дейт Сооронкулова.

Орусия Украина менен кырды бычак болуп, Европа өлкөлөрү менен мамилеси кескин начарлаган шартта деле орус тыңчылары бул өлкөлөргө башка ысым менен барып, ар кандай операцияларды ишке ашырганы ачыкка чыккан. Мындай иш-аракеттерди ашкерелөөгө The Insider басылмасы адистешип, иликтөөлөрдү жарыялап келет. Акыркы иликтөөсүндөгү дагы бир тыңчы, подполковник Максим Родионов тууралуу маалымат бар. Смирнов деген фамилия менен ал "документалист-режиссермун" деп Даректүү тасмалар гильдиясына мүчө болуп кирип, "Томирис" видеопродакшн студиясынын тең-негиздөөчүсү болгон.

Иликтөөчүлөр мындай студиялар тыңчылардын чыныгы жүзүн жашырган тармак катары пайдаланылышы ыктымал экенин жазган. Иликтөөгө караганда, Смирнов Европанын бир нече шаары менен бирге Казакстан, Кыргызстанга дагы келип кеткен.

Басылма үчүнчү тыңчы - Константин Медведев өзүнүн аты менен иштегенин жазат. Ал ГРУнун Аскер академиясын аяктагандан кийин "Морское страхование" журналында, андан кийин "Трибуна" гезитинде "чет элдик кабарчы" катары иштеген. Иликтөөчүлөр Медведевдин эмне менен алек болгону белгисиз экенин, бирок 2021-жылы Сбербанк жана ВТБ банктан 45 млн рубль дивиденд алганын белгилешкен.

Кыргызстандагы орус тыңчыларынын изи

Борбор Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) мурунку президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортациялынышынын артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турарын айткан.

Эндрю Качинс
Эндрю Качинс

"АУЦА бир катар чабуулдарга кабылды. Адегенде эле бизди ЛГБТ коомунун колдоочулары сыңары көрсөтүп, 8-марттагы аялдардын укуктарын колдогон маршты "толугу менен АУЦА уюштурду" деген кине коюшту. Кийин АКШнын Конгресси каржылаган “Азаттык” радиосу менен Kloop медиа жарыялаган кыргыз бажысындагы тамырлашкан коррупция тууралуу иликтөө жарыялангандан кийин нааразы болгондор 2019-жылы декабрда митингге чыгышкан. Ал митингге чыккан бир миңдей кишинин дээрлик жарымы "АУЦАнын студенттери жана кызматкерлери" деген да айың кептерди таратышты. Ошентип АУЦАны катуу каралоо жүрдү", - деди Качинс мекенине чыгып кеткенден кийин.

Америкалык илимпоз 2020-жылкы парламенттик шайлоону утурлай кандай каралоого кабылганын айтып берген.

"Пандемия башталганда беш айга жакын Кыргызстанга келе албай АКШда кармалып калдым. Кийин 19-августта кайтып келдим. Эки-үч күндөн кийин АКШнын ошол кездеги Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу "Кош келдиңиз. Сизди булар күтүп жаткандай көрүнөт" деп бир видеону жөнөттү. Ал видеодо "АКШнын планын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик департамент эс алуудагы АУЦАнын президенти Эндрю Качинсти эртерээк чакыртып алган. Ал оппозициялык үч партияга колдоо көрсөтмөк" деген маанидеги нерселер баяндалат экен. Ал видеодо мен Кыргызстанга кайтып келген күндү гана туура айтышыптыр, калганынын баары жалган эле. Бул аракеттердин артында ФСБ турганы мага шыр эле белгилүү болду", - деп чечмеледи Качинс.

2021-жылы июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Качинсти баңгизатка байланыштуу беренелер менен күнөөлүү деп таап, 60 миң сом айып пул салып, өлкөдөн депортациялоо тууралуу чечим чыгарган.

23-апрелде Ички иштер министрлиги Качинске Дубайдан почта менен келген таблетка жана капсулаларда психотроптук каражат бар экени аныкталганын билдирген. Качинс бул медициналык препараттарды АКШда аны дарылаган догдуру жибергенин билдирген. Университеттин жамааты жетекчиси кириптер болгон ишти "чаташкан окуя" деп сыпаттаган.

62 жаштагы таанымал илимпоз Бишкектеги университетке жетекчи болуп 2019-жылдын башында дайындалган. 2021-жылы июнда университеттин Камкорчулар кеңеши анын Кыргызстандагы ишмердиги аяктаганын жарыялаган. Андан соң ал жубайы менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Атамбаевден сый көргөн киллер

Соңку жылдары кыргыз паспорту чет элдик жарандарга, анын ичинде Орусиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнө, алар менен байланышкан кылмышкерлерге мыйзамсыз берилген учурлар аныкталган.

Bellingcat, Der Spiegel жана орусиялык The Insider сайтынын 2020-жылы жарыяланган иликтөөсүнөн 2019-жылы Берлинде киши колдуу болгон 40 жаштагы чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалганы, ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон. Ал ФСБга караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылганы, буга чейин дагы бир кишини өлтүрүүгө айыпталганын иликтеп чыгышкан.

Берлиндеги киши өлтүрүү үчүн өмүр бою кесилген Вадим Красиков
Берлиндеги киши өлтүрүү үчүн өмүр бою кесилген Вадим Красиков

Иликтөөдө Красиковго 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмү үчүн шектүү катары издөө жарыяланганы айтылат. Бирок кийин шектүүгө издөө жарыялоо боюнча маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Андан соң ал Вадим Соколовдун наамына жаңы паспорт алган.​

Костомукшадагы кылмышка тиешеси бар деп 2014-жылдын 20-ноябрында Владимир Фоменко (1976-жылдын 23-июнунда туулган) жана Олег Иванов (1976-жылдын 23-июлунда туулган) кармалган.

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, Фоменко Орусияга сиңирген эмгеги үчүн бир катар жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Атургай 2011-жылы Кыргызстандын ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан Glock-100 деген тапанча менен сыйланган.

Красиковдун Кыргызстанга да барганы аныкталган. Адегенде 2011-жылы барган. Андан кийин 2017-жылдын 31-августунда Бишкекке учуп барып, беш күн жүргөн.

2019-жылы декабрда Германиянын соту Хангошвилинин өлүмү боюнча Вадим Красиковду (Вадим Соколов) өмүр бою абакка кескен.

Киевдеги жардыруу

2019-жылы 4-апрелде Киевде Украинанын аскер чалгын кызматынын офицеринин машинесин жардырышкан. Иликтөөдө кол салуу учурунда кармалган Алексей Комаричев менен Тимур Дзортовдун жанынан Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген адамдарга таандык кыргыз паспорттору табылганы көрсөтүлгөн.

Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ысымдарга берилген кыргыз паспорттору
Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ысымдарга берилген кыргыз паспорттору

Украинанын атайын кызматы сурак учурунда тарткан видеодо кармалган шектүү Тимур Дзортов кыргыз паспортторун кантип алганын айтып берген:

«Документтер бизге Москвада "Тадж-Махал" ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган».

Чуулгандуу маалымат тараган соң Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттор жасалма экенин жарыялаган. Жогорку Кеңеште Орусияда кыргыз паспортун жасап сатуу көмүскө бизнеске айланып калганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG