Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Казакстанда алгачкы АЭСтин пайдубалы 2029-жылы орнотулары айтылды


Алгачкы АЭСтин курулуш долбоорунун ачылыш аземинде көрсөтүлгөн макет. Жамбыл району, Алматы облусу, 8-август 2025-жыл.
Алгачкы АЭСтин курулуш долбоорунун ачылыш аземинде көрсөтүлгөн макет. Жамбыл району, Алматы облусу, 8-август 2025-жыл.

Казакстанда Атомдук энергия боюнча агенттиктин төрагасы Алмасадам Саткалиев 20-ноябрда билдиргендей, өлкөнүн биринчи атомдук электростанциясынын пайдубалы 2029-жылы куюлушу күтүлөт. Ага чейин курулушка даярдык жүрөт.

Анын айтымында, “Росатом” алдын ала иштерди ийгиликтүү жүргүзүп жатат. Гидрологиялык, гидротехникалык, инженердик анализдер жана аймактын топографиялык изилдөөсү жүргүзүлдү.

«Жалпысынан иш графикке шайкеш жүрүүдө. Атом тармагынын адистери бул этапты "алгачкы бетон" деп аташат… Биз анын 2029-жылы куюлушун күтүүдөбүз», — деди Саткалиев Акордодо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Мындан сырткары, келечектеги АЭС үчүн кадрларды даярдоо иши да жүрүп жатат.

Быйыл февралда казак өкмөтү өлкөдөгү алгачкы АЭС Алматы облусунун Жамбыл районунда, Улкен айылынын жанында, Балхаш көлүнүн жээгинде куруларын расмий бекиткен. 14-июнда биринчи АЭСти Орусия курары белгилүү болгон.

Бир катар экологдор АЭСтин курулушуна каршы чыгып, станция Балхаш көлүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскертип келишет. Айрым жарандык активисттер жана саясат таануучулар болсо Москвага көз карандылык күчөшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

Расмий Астана бул саясатташтырылган маселе эмес экенин айтып, кабыл алынган чечим жер-жагдайдын техникалык баасына негизделгенин ырастоодо.

Казакстан АЭС куруу жөнүндө чечимди былтыр кабыл алган.

Бул боюнча өлкөдө референдум өткөрүлгөн. Расмий жыйынтыкка ылайык, добуш бергендердин 71 пайызы АЭС курулушун колдогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG