Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

"Кремль Навальныйды киллерге алмашмак"


Алексей Навальный, Вадим Красиков, Вламидир Путин. Коллаж.
Алексей Навальный, Вадим Красиков, Вламидир Путин. Коллаж.

Маркум оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Европада киши өлтүрүүгө айыпталып соттолгон орусиялык кылмышкерге алмаштыруу аракети болгонун анын тарапташтары билдирди. Маалымат боюнча Навальный немис түрмөсүңдө отурган Вадим Красиковго алмашуу боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин каза болгон.

"Сүйлөшүүлөр аяктаганда каза болду"

Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Мария Певчих 26-февралда видео жарыялады. Анда ал буга чейин немис түрмөсүндөгү өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер Красиковду Навальныйга алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты.

Мария Певчих.
Мария Певчих.

"Навальный жакынкы күндөрү эркиндикке чыгышы керек болчу. Анткени биз аны алмаштыруу боюнча чечимге келгенбиз. Февраль айынын башында Путинге Берлинде киши өлтүргөн деген айып менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан киллер Вадим Красиковду эки америкалык жаран жана Алексей Навальныйга алмаштыруу сунушталган. Мен бул тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганы тууралуу 15-февралдын кечинде маалымат алгам".

Мария Певчих айткандай, Навальный Орусиянын жараны болгондуктан аны түз алмаштыруу мүмкүн эмес эле. Ал бул процесс гуманитардык алмашуунун негизинде ишке ашмак деп билдирди.

"2023-жылдын жазында биздин [Навальныйды алмаштыруу] планыбыз боюнча макулдук алганбыз. Алмашуу бир жыл мурда болушу керек эле".

27-февралда The New York Times гезити атын атабаган америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, Берлин Вашингтондон Навальныйды туткундарды алмаштыруу келишимине кошууну суранганын жазды.

Ал эми Financial Times басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, Красиков абактагы Навальныйга, Орусияда тыңчылык үчүн соттолгон америкалыктар: Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичке жана 16 жылга кесилген Пол Уиланга алмаштырылышы мүмкүн экенин жазган. Гезит Навальныйдын өлүмүнөн кийин расмий Берлинде "киши өлтүргүч менен алмашууга ылайыктуу талапкерлер жок" деп белгилейт.

Вадим Красиков - 2019-жылы 23-августта Берлинде киши өлтүрүүгө шектелип кармалып, 2021-жылы өмүр бою абакка кесилген. Федералдык прокуратуранын айыптоо корутундусунда кылмыш Орусиянын атайын кызматтарынын буйругу менен жасалганы айтылган. Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини өлтүрдү деп Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

Абактагыларды алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргөнү расмий ырастала элек. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго курган маегинде америкалык журналист Эван Гершковичти немис абагындагы Красиковго алмашууга болорун кыйыткан эле.

Орусиялык саясатчы Иван Преображенский "Настоящее времяга" курган маегинде Кремль Навальныйды алмашууга "жол бермек эмес" деген пикири менен бөлүшкөн:

Иван Преображенский.
Иван Преображенский.

"Менин пикиримде Кремль мындай алмашууга макул болмок эмес. Бирок Кремлдин өзүндө эле алмашууну ишке ашырууга аракет кылган таасирдүү адамдар болгону анык. Мен Путин эч качан Навальныйды алмашууга жол бермек эмес деп ишеничтүү айта алам".

Ал арада Навальныйдын үзөңгүлөштөрү маркумду акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жайды издештирип жатканын бирок, Москва мэриясынын чектөөлөрүнөн улам чиркөөлөр жана имараттар уруксат бербей жатканын билдирди.

Навальныйдын туугандары аны менен коштошуу иш-чарасы боюнча азырынча эч кандай маалымат жарыялаша элек.

47 жаштагы Навальный Ямал-Ненец аймагындагы шарты катаал түрмөдө табышмактуу жагдайда 16-февралда каза болду. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган.

Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

26-февралда Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алексей Навальныйдын сөөгүн апасына берүү чечимине Кремлдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

"Кремлдин буга эч кандай тиешеси жок, демек, Кремль эч кандай кысым көрсөтө албайт. Бул анын тарапташтары тарабынан коюлган дагы бир акылга сыйбаган айыптоо. Менин оюмча, алардын баары издөөдө, чет өлкөдө жүрүшөт. Андыктан алардын билдирүүлөрүнө ушул нерселерди эске алып, мамиле кылыш керек".

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” (Yves Rocher - кишинин ысымы, компания анын атында-ред.) иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Атамбаевден сый көргөн киллер

Bellingcat, Der Spiegel жана орусиялык The Insider сайтынын 2020-жылы жарыяланган иликтөөсүндө Вадим Красиков ФСБга караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылганы, буга чейин дагы бир кишини өлтүрүүгө айыпталганы айтылат.

Берлиндеги киши өлтүрүү үчүн өмүр бою кесилген Вадим Красиков
Берлиндеги киши өлтүрүү үчүн өмүр бою кесилген Вадим Красиков

Иликтөөдө Красиковго 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмү үчүн шектүү катары издөө жарыяланганы айтылат. Бирок кийин шектүүгө издөө жарыялоо боюнча маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Андан соң ал Вадим Соколовдун наамына жаңы паспорт алган.​

Костомукшадагы кылмышка тиешеси бар деп 2014-жылдын 20-ноябрында Владимир Фоменко (1976-жылдын 23-июнунда туулган) жана Олег Иванов (1976-жылдын 23-июлунда туулган) кармалган.

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, Фоменко Орусияга сиңирген эмгеги үчүн бир катар жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Атургай 2011-жылы Кыргызстандын ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан Glock-100 деген тапанча менен сыйланган.

Красиковдун Кыргызстанга да барганы аныкталган. Адегенде 2011-жылы барган. Андан кийин 2017-жылдын 31-августунда Бишкекке учуп барып, беш күн жүргөн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG