Август айындагы изилдөөлөргө караганда, француз жарандардын 16 пайызы "Ислам мамлекети" уюмуна оң көз карашта. Бул көрсөткүч 18-24 жаш курагындагы француз жаштары арасында 27 пайызга тете. Анын себеби эмне? Ал үчүн ким күнөөлүү?
Британиянын ICM группасы жүргүзгөн ушул эле изилдөө британ жарандарынын 7%, германиялыктардын 3-4 % "Ислам мамлекети" уюмуна оң караганын көрсөткөн. "Ислам мамлекети" шариат негизиндеги орто кылымдык халифат курууну көздөгөн уюм.
Августта Британ парламентинин мүчөсү кеминде 1 500 британиялык мусулман "Ислам мамлекетине" кошулуп, согушуусу мүмкүн дегенин Newsweek журналы жазып чыкты.
2011-жылкы эл каттоо боюнча, Британиянын калкынын 4,4 % же 2,8 миллиону мусулмандар. Францияда 5-6 миллиондой мусулман жашаары айтылып жүрөт. Эмне үчүн европалык мусулман жаштар согушчандардын катарын толуктоодо? “Азаттык” радиосунун береги суроосуна Австриянын мусулман демилгеси уюмунун төрагасы, теги сириялык имам Тарфа Багаяти төмөндөгүдөй жооп берди:
- Анын бир нече фактору бар: Биринчиси жана эң урунттуусу - бул топторго кошулгандар мурда мусулмандар жана ислам менен тыгыз байланышта болушкан эмес. Алар эгерим мечитке барбаган, атүгүл кээ бирлери кантип намаз окуганды билишпейт. Ошондон улам эмоционалдуу нукту, анан диний багытты тез алышат. Аларга ”Биз нака чындыкты билебиз, биз силерге акыйкаттын, азаптын жолун, жаннатка барчу жолду көрсөтөбүз" деп айтышат. Экинчи фактор - береги жаш адамдар өздөрүн Батыш коомунун бир бөлүгү деп эсептешпейт, алар оңдуу да тарбия алган эмес. Мында исламга жана мусулмандарга каршы кыйыр кысым жасоолордун же “исламофобиянын” да таасири бар.
Тарфа Багаяти миграция, расизм, адам укуктары сыяктуу маселелерде өз оюн коомчулук менен тең бөлүшкөн активдүү инсан. Ал мусулман жаштар радикализмге баш байлап кетиши үчүн биз өзүбүз күнөөлүүбүз жана бир догмага ишенип алуубуз себепчи дейт:
- Биз Батышты күнөөлөгөндөн карманып, мындай ойлонуу биздин коомго кантип кирип кетти деп өзүбүздөн сурашыбыз абзел. Мындай ойлор биздин башыбызда ондогон жылдар, өзгөчө соңку 20 жылда көнөктөп жатты. Бул биздин жаштардын акыл-эсине таасир этип, Батыш коомунан да көп өз коомун чанууга алып барды. Бул аларды Ирактагы, Сириядагы салттуу исламдан жана ачык коомдон алыстатып, ар аятты бир гана жол менен тафсир кылган (түшүндүргөн) фанатизм жолуна түшүрдү. Бардык аяттар колду кескенди, же башты алганды, же бирөөнү урганды, же “ала кылды аттагандарга” балак урганды эмес, жерге адилеттүүлүк алып келгенди көздөйт.
“Лос Анжелес Таймс” гезити июлдагы сандарынын биринде өз булактарына шилтеп, Сирияда жана Иракта согушчандардын катарында 10 миңдей чет элдик жүргөнүн, алардын 3 миңдейи Европа же башка Батыш өлкөлөрүнүн жарандары экенин жазган.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Сирияда жүрөт делген 80дей кыргызстандыктын онго жакыны кыз-келиндер.
Багаятинин айтымында, жаш муундун экстремисттерге азгырылып кетүүсүнө мусулман үй-бүлөлөрдүн жергиликтүү элден обочолонуп жашоосу, тилди үйрөнбөөсү, террорчулардын интернет ресурстарын жигердүү пайдалануусу өбөлгө түзүүдө. Австриялык имам мусулман жаштардын согушчандарга кошулуп кетүүсүнө мечит да жооптуу экенин айтат:
- Ооба, моралдык жактан жооптуу. Биз баарыбыз жооптуубуз. Ошон үчүн Австриянын ислам комиссиясы жана өлкөдөгү көптөгөн мечиттер бул маселени башкаларга калтырбаганга тырышат. Бул маселе жума намазда айтылышы керек. Эң маанилүүсү биз жергиликтүү тилде сүйлөшүбүз шарт. Дагы бир проблема: интернет бул жаштардын диний жактан да биринчи булагы болгонунда. Тилекке каршы, экстремисттик агым интернетте Ютуб аркылуу ар кандай тилдерде жайылууда. Биз чамабыз чак экенин мойнубузга алабыз.
"Ислам мамлекети" уюмунун Түндүк Ирактагы шиилер, езиддер, тарсаларга (христиандар) каршы жасаган мыкаачылыктарын, Нигериядагы "Боко Харам" уюмунун жергиликтүү тарсаларга көрсөткөн жосунсуз иштерин кээ бир уламалар сындаган. Алсак, Катарда жашаган улама Юсуф Карадави "Ислам мамлекети" уюмунун басып алган аймактарда халифат жарыялоосун шариатка сыйбаган көрүнүш деп атаган.