Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Айсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган мурдагы судья Абакиров президентке кайрылды


Экс-судья, учурдагы адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Судьялар кеңеши олуттуу процессуалдык бузууларга жол бергенин билдирди.

Өткөн жумада Судьялар кеңеши 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Абакиров аларды жоопко тартууга макулдук берүү маселесин Судьялар кеңеши жүйөлүү себептерден улам 2025-жылдын 28-ноябрына белгилегенин, бирок төраганын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча кеңеш регламентти одоно бузуп, отурумду ошол эле күнү, 21-ноябрда, саат 17:00гө кайра дайындаганын айтууда. Ал мындай иш-аракеттер калыстык принцибине шек келтирет деп эсептейт.

Адвокат башкы прокурордун сунуштамасында жана иштин материалдарында мурдагы судьялар тарабынан коррупциялык иштердин, опузалап талап кылуунун же пара алуунун түздөн-түз далилдери келтирилбегенин белгилеген.

Бишкек шаардык сотунун 2016-жылынын 12-майындагы өкүмүнүн "жаңы жагдайлар" боюнча жокко чыгарылышы судьялардын билип туруп адилетсиз өкүм чыгарганына далил болбой турганына токтолгон.

"Соттук коллегия талкууланып жаткан өкүмдү чыгарууда ошол кездеги мыйзамдардын алкагында жана жабырлануучунун утурлама арызын, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун жана айыпталуучунун аракеттерин каракчылыкка жана адам уурдоого кайра квалификациялоо жөнүндө өтүнүч берген мамлекеттик айыптоочунун (прокурор Д.Мамбетованын) позициясын кошуп, иштин берилген материалдарын толугу менен жетекчиликке алгандыгын белгилей кетүү маанилүү", - деген жактоочу.

Абакиров кылмыш жоопкерчилигинин саясий контексти өтө тынчсызданууну жаратарына көңүл бурган. Ал экс-судьялар С.И.Бранчаева жана Ж. Мамбеталы буга чейин президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иштерин кароого катышканын эске салып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу өч алуу катары бааланарына токтолгон.

Экс-судьялар Сания Бранчаева жана Жаңыл Мамбеталы өздөрүнө козголгон иш тууралуу азырынча үн ката элек.

Президенттик администрация Абакировдун кайрылуусуна комментарий бере элек.

Кайсын Абакиров буга чейин Фейсбуктагы баракчасына милиция убагында ачылбай калган кылмышты сотторго жүктөп жатканын жазган.

Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген.

Кылмышка шектүү буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан.(ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG