Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

ЕБ АКШнын Украинадагы согушту токтотуу планын кайра иштеп чыгууга чакырды


Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдой турганын, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин жарыялады. Алар 22-ноябрда Түштүк Африкадагы G20 саммитинде Кошмо Штаттардын тынчтык планын талкуулап, биргелешкен билдирүү таратты.

"Пландын азыркы долбоору 28 пункттан туруп, адилеттүү жана узак мөөнөттө тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл элементтерди камтыйт. Ошондуктан, биз бул долбоор тынчтыкка негиз, бирок кайра иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейбиз. Болочокто дүйнөнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн биз бул процесске кошулууга даярбыз. Биз чек аралар күч менен өзгөртүлбөшү керек деген так көз караштабыз. Бизди Украинанын Куралдуу күчтөрүн чектөө сунушу да тынчсыздандырат, ал Украинаны болочоктогу чабуулдар үчүн алсыз кылып коюшу мүмкүн", – деп жазылган Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган документте.

Анда ЕБ жана НАТОго тиешелүү пункттар бул бирикмелердин макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экени белгиленген. Евробиримдик Украинаны мурдагыдай эле колдой турганын кайталады.

Bild басылмасынын маалыматына караганда, Батыштын лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык планындагы кеминде төрт жобону өзгөртүүнү көздөйт. Алар негизинен Трамптын Орусиянын Крым, Донбасс жана башка аймактарга суверендүүлүгүн таануу, украин армиясынын санын азайтуу, коопсуздук кепилдиктеринин шарттары, камакка алынган орусиялык активдер тууралуу сунуштарына макул эмес.

Bild америкалык президенттин камактагы активдер тууралуу демилгеси өзгөчө Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин "кыжырын кайнатканын" жазды.

Америка бийлигинин планы 23-ноябрда Женевада ЕБ, АКШ жана Украинанын делегацияларынын жолугушуусунда талкуулана турганы кабарланды. Жолугушууга кимдер катышары азырынча белгисиз.

Швейцарияда жолугушуу болору ыктымалдыгы тууралуу буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров айткан, бирок анын датасын тактаган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG