Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бразилияда мурдагы президент Болсонару кайра камалды


Жаир Болсонару. 16-август, 2025-жыл.
Жаир Болсонару. 16-август, 2025-жыл.

Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонару качып кетиши мүмкүн деген негизде камакка алынды. Аскердик төңкөрүш даярдоого күнөөлүү деп табылып, 27 жылга кесилген Болсонару үй камагында аппеляция боюнча чечимди күтүп жаткан.

Би-би-си жазгандай, Бразилиянын Жогорку соту 70 жаштагы саясатчыны кайра кармоо тууралуу чечимин жаңы фактылар ачыкталгандан кийин алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү.

Сот Болсонарунун бутуна тагылган электрондук билерикке зыян келтирүү аракети көрүлгөнүн, экс-президент жашаган турак жайдын алдында акцияга чыгуу тууралуу чакырыктар болгонун жүйө келтирген.

Жаир Болсонарунун адвокаттары соттун чечимине таң калыштуу экенин, өкүм анын ден соолугуна байланыштуу өмүрүнө коркунуч алып келип жатканын билдиришти.

Быйыл сентябрда Бразилиянын Жогорку сотунун Судьялар кеңеши Болсонаруну 2022-жылдагы шайлоодо утулуп калгандан кийин аскердик төңкөрүш максатын көздөп кутум уюштурган деп таап, 27 жылга эркинен ажыраткан.

Болсонарунун адвокаттары өкүмдү "абсурд" деп атап, аны бардык инстанцияларда, эл аралык соттордо талашарын жарыялаган.

Жаир Болсонару Бразилияны 2019-2023-жылдары жетектеген. COVID-19 пандемиясы маалында ал көйгөйдүн олуттуулугун четке кагып, карантин киргизүүдөн көпкө чейин баш тарткан.

2022-жылкы шайлоодо утулуп калгандан кийин ал жеңилгенин мойнуна алган эмес. Болсонарунун тарапташтары ири демонстрацияга чыгып, ал башаламандык менен аяктаган. Мурдагы президентти жактагандар парламенттин, Жогорку соттун имаратына, президенттик резиденцияга кирип барышкан.

Жыйынтыгында жүздөгөн киши камалган. Болсонару өзүнө тагылган дооматтардын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгына айланганын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG