Бишкекте быйыл 100 км газ кууру төшөлүп, 13 530 жаңы керектөөчү кошулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Жыл аягына чейин Ак-Босого калктуу конушу, Чүй облусундагы Новопокровка, Военно-Антоновка айылдарына жаратылыш газы киргизилет. Келээрки жылга борбор калаанын Эне-Сай, Арча-Бешик, 69 Га жаңы конуштарына жана Чүй облусунун Селекционное айылы газдаштырылат", - деп жазылган маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин белгилешинче, Бишкек шаары менен Чүй облусунун газ киргизген тургундары үчүн жеңилдетилген насыя каралган.
Буга чейин Энергетика министрлиги жарандар, юридикалык жактар жана ишкерлер 150 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз бир же эки жылга чейинки мөөнөткө алса болорун маалымдаган.
Жаратылыш газы боюнча республиканын жылдык керектөөсү 517,0 млн м3 түзөт.
Жыл башында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек менен Чүйдө 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген. Аталган ишкана 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60% газ жеткирилет деп маалымдап келет.
Кыргызстанды газ менен камсыз кылууну 2013-жылдан бери орусиялык “Газпром” ишканасы колго алган. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимине ылайык компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет.
Өкмөт "Газпром" менен келишимди үзүү ниети жоктугун билдирген. (ST)
Шерине