Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:10

Астанада активист Жанар Секербаева кармалды


Жанар Секербаева
Жанар Секербаева

Астанада Feminita кыймылынын теңшерик негиздөөчүсү Жанар Секербаева кармалганы кабарланды. Окуя 22-ноябрда түшкө жуук Желтоксан көчөсүндөгү 32-үйдө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө орун алган. "Власть" басылмасы активистке "майда бейбаштык" беренеси менен айып коюлушу мүмкүн экенин жазды.

Мунун алдында, 21-ноябрда, Казакстандын борбор калаасында Education Communit жүргүзгөн изилдөөнүн ачылышы жана ЛГБТКИА+ коомчулугунун кодуланышы өлкөнүн өнүгүшүнө жана эл аралык аброюна кандай таасир эткенин талкуулоо үчүн тегерек үстөл өткөн.

Талкуу учурунда имаратка полиция кызматкерлери жана ЛГБТКИА+ка каршы аялдар ээ-жаа бербей кирип келип жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Ызы-чуу маалында изилдөөчү Арджа Турсынкан кармалган. Ал "майда бейбаштык" беренесинин негизинде 78 миң теңге айыпка жыгылгандан кийин бошотулган.

Feminita активисттеринин айтымында, Секербаева эртеси кесиптештери менен кафеде отурганда жоон топ аялдар кирип келип жаңжал чыгарган. Алардын арасында ЛГБТКИА+ка каршы пикирлери менен белгилүү, көп балалуу эне Зиуар Жуманова да болгон. queer.kz сайтынын маалымдашынча, аялдар тейлөөчүлөргө да орой мамиле кылып, кол көтөргөн. Мындан кийин queer.kz'тин активисти Темирлан Баймашты кармап кетишкен.

Полиция Секербаеваны башка кафенин жанындагы дүкөнгө чыккан учурда кармаган. Активист учурда Сары-Арка району боюнча полиция башкармалыгында (Ауэзов көчөсү, 40) кармалууда.

Акиматтын өкүлү Дамир Хисматуллин башкармалык алдына топтолгон активисттерди тез арада тарап кетүүгө чакырды. Талап аткарылбаса, кармоолор болорун жана чогулгандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Жанар Секербаева Казакстандагы ЛГБТ тобунун укугун коргогон фемактивист. Буга чейин ал айрым депутаттардын "ЛГБТны пропагандалоого" каршы мыйзамын кабыл алуу аракетин сынга алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG