Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:37

Султанбековдун апасы ИИМ тараткан маалымат чындыкка жатпасын билдирди


Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалгандарга таандык делген курал-жарак жана таңгакталган акча Темирлан Султанбековдун үйүнөн чыккан эмес деген маалыматты анын апасы Кыял Токторбаева Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал кармалгандар бири-бирин тааныбай турганын белгилеген.

Токторбаева Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт, маалыматтар чындыкка дал келбесин айткан. Ал муну шайлоо алдындагы чагым жана манипуляция катары баалады.

"Ички иштер министрлиги тараткан сүрөттөрдөгү курал-жарак жана таңгак акча биздин үйдөн чыккан эмес. Кайдан алышканын билбейм. Бул өздөрү айткандай, шайлоонун шайтан оюндары. Ошентип түшүнгүлө. Биз милициянын астында отурдук. Толтура кишилерди машине менен жеткирип жатышты. Кармалгандар арасында саясатчылар да бар экен. Балким Темирлан бир-экөөнү тааныйт чыгаар. Бирок булар бири-бири менен байланышта болгон эмес. ИИМдин шайлоонун алдында бул кылганы туура эмес. Былтыр шайлоого үч күн калганда Социал-демократтарды, Темирланды шайлоодон четтетишкен. Алар тараткан эки сааттык видео экен, баарын толук чыгарышсын. Манипуляцияны токтотушсун", - деди Токторбаева.

Кыял Токторбаева 30-октябрда өтүүчү шайлоого Бишкектин №12 Свердлов округдан талапкер катары аттанган. Ал 48 саатка камалган уулу Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев, Эрмек Эрматов шайлоодо атайын ишенимдүү өкүлдөрү болгонун, мындай ишке эч качан барышпай турганына токтолгон.

Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.

Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады. Мекеменин маалыматында, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Камакка алынгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов да бар.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган.

ИИМ Кыял Токторбаеванын кайрылуусуна комментарий бере элек. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG