Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

The Guardian: Дрисколл баштаган АКШ генералдар Москвага барат


Владимир Зеленский жана Дэниэл Дрисколл Киевдеги жолугушууда.
Владимир Зеленский жана Дэниэл Дрисколл Киевдеги жолугушууда.

АКШнын армия министри Дэниэл Дрисколл башында турган америкалык генералдар жакынкы күндөрү Москвага барышы мүмкүн. The Guardian ишенимдүү булактарына таянып, сапар келерки жуманын аягына белгилениши мүмкүн экенин кабарлады. Сапардын максаты азырынча белгисиз.

The Guardian басылмасынын маалыматында, Трамп Дрисколлду Украина боюнча жаңы өкүлү кылып дайындады. Басылма ал учурдагы атайын өкүл Кит Келлогдун ордуна барабы же экөө тең катар иштейби тактаган эмес. Буга чейин Келлог 2026-жылдын январында кызматтан кетүүнү пландап жатканы белгилүү болгон.

Дрисколлдун Украина боюнча атайын өкүл болуп дайындалышы расмий жарыяланган жок.

Дэниел Дрисколл вице-президент Жей Ди Вэнстин классташы жана жакын досу. АКШнын Армия министрлигин үстүбүздөгү жылдын февралынан бери жетектеп келет. Аскердик тажрыйбасы бар, мамлекеттик кызматка чейин инвестициялык компанияда иштеген.

20-ноябрда Дрисколл башында турган делегация Киевге АКШнын тынчтык планын сунуштаган. Жолугушуудан кийин украин президенти Владимир Зеленский бул келишимдин үстүнөн иштөөгө даяр экенин билдирген.

Financial Times 21-ноябрда АКШ делегациясы Киевде европалык чиновниктер менен жолугушкан. Басылманын булактарынын айтымында, сүйлөшүү чыңалган абалда өткөн. Дрисколл "тынчтык орнотуу мезгили келгенин" айткан. Ошол эле учурда АКШ эч кандай ийкемдүүлүк көрсөтүүгө даяр эмес экенин баса белгилеген.

Басылма айрым европалык дипломаттар Вашингтон Зеленскийдин айланасындагы коррупциялык жаңжал күчөп, позициясы алсырап турган кезде келишимге кол коюуну тездетүүгө аракеттенүүдө деп эсептешет. Бул маалыматтар расмий ырасталган эмес.

Батыш медиаларынын маалыматында АКШнын планынан кийин Киевдин өнөктөштөрү альтернативдүү демилгенин үстүнөн иштей баштады. Европа сүйлөшүүнү азыркы фронттун сызыгында жүргүзүүнү сунуштаса, АКШ өз планында Украина айрым аймактардан баш тартууга барышы керектигин караштырган. Бул талапты Москва да коюп келет. Зеленский Украина өз аймактарын жөн эле кармата берүүгө даяр эместигин бир канча жолу кайталаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG