"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигинен камактагы блогер Фазилхожа Арифхожаевди токтоосуз бошотууну талап кылды. Ал эми Европарламенттин депутаттары Казакстандагы адам укуктары боюнча абалга тынчсыздануусун билдирди.
Өзбекстандык блогер Фaзилхожа Арифхожаев быйыл 28-июнда башкалаа Ташкентте "бейбаштык" беренеси менен камакка алынган. Мындай айыптоолордон улам ал 15 күн темир тор артында отурууга аргасыз болгон. Бирок уюм белгилегендей, ага социалдык тармакка жазган билдирүүсү үчүн "коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат" деген айып тагылган. Күнөөсү далилденсе, сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
"Фaзилхожа Арифхожаевге козголгон кылмыш иши таптакыр негизсиз. Ошондуктан өзбек бийлиги аны тезинен абактан бошотушу керек. Кармалгандан бери анын ден соолугу кескин начарлап кеткени тынчсыздандырат жана ал азыр тез арада медициналык жардамга муктаж", - деп жазды Твиттерде уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Мира Риттман.
41 жаштагы ташкенттик блогер бийликтин дин жаатындагы саясатын сындап келгени менен белгилүү. Ал июнь айында "мечитте чуу жаратты" деген кине менен алгач он беш суткага камалган. Кийин Арифхожаевге "Интернетти колдонуу менен коомдук коопсуздукка коркунуч келтирчү материалдарды жарыялаган же тараткан" деген жаңы айып тагылып, камактагы мөөнөтү узартылган.
Арифхожаев март айында Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө: "Мусулман эместерди диний майрамдары менен мусулмандар куттуктаса болобу?",-деген суроо салган.
Ал эми баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан “Форум 18” адам укугун коргоо уюму Арифхожаевди камакка алуу учурунда күзөтчүлөр тарабынан орой мамиле жасалганын белгиледи. Камакка алуу учурунда полиция кызматкерлери блоггердин сакалын күч менен алып, изоляторго камап, жуунганга жана кийимин алмаштырууга уруксат беришкен эмес.
Кошумчалай кетсек, акыркы күндөрү Арифхожаев бир нече жолу эс-учун жоготуп, жүрөгү ооруй баштаган. Блоггер бир нече жума бою тиш оорусунан тамак иче албай, арыктап кеткени айтылууда.
Ошондой эле "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон, Ташкентти "Өзбекстандын өкүлү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрага орун басары болуп шайланганына мактанбай, чыныгы реформаларды жасоого" чакырды.
"Өзбекстан өкүлүнүн бул кызматка дайындалышы чынында Борбор Азиядагы авторитардык мамлекеттин ичинде же сыртында адам укуктарын сактап жатат дегенди билдирбейт".
Ал Өзбекстан ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине берген убадаларын аткарбай жатканын баса белгиледи. Быйыл январда Өзбекстан 2023-жылга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин толук кандуу мүчөсү болуп шайланган. Бул кеңеш 47 өлкөнүн өкүлүнөн турат жана дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын корголушуна кепилдик берет.
Ал арада Европарламенттин депутаттары Нур-Султанды саясий туткундарды бошотууга чакырды. Андан бери бир нече адам абактан бошотулганы менен казакстандык укук коргоочулар түзгөн саясий туткундардын тизмеси тынымсыз жаңыланып келет.
6-декабрдагы талкууда Европарламенттин депутаты Ружа Тун бир нече ай мурун казак делегациясы менен жолугушууда саясий туткундар тууралуу суроо салганын, бирок жооп ала электигин билдирди.
"Биз Азимова айым менен июль айынын ортосунда жолуктук. Андан бери бир канча ай өттү. Мен сизге саясий туткундардын толук тизмесин бердим. Сиз диалог, реформа, келечек пландар тууралуу айтып жатасыз. Бирок азыр саясий туткундар түрмөдө чирип, кыйноого алынып, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурланууда",- деп сынга алды Ружа Тун Казакстандын акыйкатчысы Элвира Азимовага кайрылып жатып.
Буга чейин Европарламенттин депутаттары талкуулаган Казакстандагы түзөтүү мекемелеринде кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу маселесине токтолуп, акыйкатчы Азимова Казакстандын өкмөтү өлкөдө ар бири эки миң орундуу 16 түрмө курууну пландап жатканын билдирди.
Февраль айында Европарламент Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алып, анда адам укуктары боюнча абал начарлап баратканын баса белгилеп, аны бузган аткаминерлерге каршы санкцияларды колдонууну сунуштаган.
Муну менен катар быйыл июлда "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык уюму Нур-Султанды өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги "экстремизм" беренесин сынчылар менен активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонгон деп айыптаган.
Учурда Казакстанда канча адам жоопко тартылганы белгисиз. Айрым укук коргоочулар акыркы жылдары 300дөй адам соттолгонун айтууда.