Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

"Дубалдар көгөргөн, аба жетишпейт". Тергөө абагындагы абал


Перизат Суранова, Арзыкан Момунтаева, Азиза Абдирасулова.
Перизат Суранова, Арзыкан Момунтаева, Азиза Абдирасулова.

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына тиешелүү жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз.

Бул жолку подкаст жабык жайлардын абалы тууралуу.

Азиза Абдирасулова: Саламатсыздарбы, бүгүн биз Кыргызстандагы жабык жайлардагы абал, жарандарды кармап туруу шарттары тууралуу кеп кылалы деп чечтик. Укук коргоочу катары өлкөдөгү дээрлик бардык жабык жайларды кыдырып чыкканмын жана ал жактагы шарттарды жакшы билем.

Бул маселени Кемпир-Абад иши боюнча камалып, төрт айдан ашык Бишкектеги тергөө абагында жатып, өзүнүн саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган Перизат Суранова, ошондой эле Кыргызстандын коомчулугуна таанымал акын эжебиз, укук коргоочу жана Талас облусу боюнча акыйкатчынын мурунку өкүлү Арзыкан Момунтаева менен талкуулайбыз. Арзыкан Момунтаева атайын Таластан келип, талкууга катышып жатат.

"Тергөө абагындагы шарт адамды аябай басмырлайт"

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Азиза Абдирасулова: Абак жайын “пионер лагери эмес" деп коюшат, туурабы. Ал жерде өзүнчө шарт бар. Шарттарга жараша мамлекеттик мыйзамдары, кармап туруу эрежелери бар. Абак жайы өзү кайсы бир мыйзамга, ички эрежелерге ылайыкташтырылышы керек. Менин барып, байкоо жүргүзгөн, сырттан караганым башка, ал эми анын ичинде айлап жашап, ошол жерде болгонуңар - бул таптакыр башка, өзүңөр көргөнсүңөр да. Перизат, бул тууралуу эмнелерди айтар элең?

Перизат Суранова
Перизат Суранова

Перизат Суранова: Абдан оор тема, айтылуучу сөз көп. Негизи бизде убактылуу кармоо жайы (ИВС) менен тергөө абагы (СИЗО) - тергөө учурундагы убактылуу кармоочу жай бар. Мисалы, бизди 23-октябрда алып барганда (ред. 2022-жыл) камералардын (ИВСтин) абалы шок кылды. Абдан кир, караңгы бөлмөлөр жана ажатканын жоктугу - ал жерге бир чака коюп коюшуптур. Ошол камеранын ыпластыгы азыркыга чейин көз алдымда турат. Мен отурган камера 24-25 кв метр болчу, 10 кишилик эки кабаттуу керебет бар эле. Андан сырткары, оң капталында ажаткана. Ажаткана дегенде ал өзүнчө бөлмө эмес, ачык эле унитаз. Бул нерселерди ачык эле айтышыбыз керек. Анткени бул өтө маанилүү. Бул коомду өзгөрүүгө алып келе турган процесс. Ошол унитаз ачык эле турат, эчтеке менен тосулган эмес. Сол капталында болсо 2-3 тумбочка турат, ал өзүнчө бир ашкана. Мына ушул кичинекей бөлмөдө 10 киши жашадык. Тергөө абагындагы мындай өкүнүчтүү шарт адамды аябай басмырлайт экен.

Кыргызстандын эгемендик алганына мына 32 жыл болду, биздин өлкө - эл аралык келишимдердин мүчөсү. Ошондой болсо дагы бүгүнкү күнгө чейин адамдын кадыр-баркын басмырлаган шарттарда жашагандыгыбыз өкүндүрдү. Тергөө абагы (СИЗО) деген эмне? Бул жайга түшкөн адамдын соту боло элек, ал күнөөлүү деп табыла элек адам, жазалоо чечимин сот чыгара элек. Бул абдан орчундуу жагдай.

Азиза Абдирасулова: Ошондо ошол ажаткананын жанында эле тамак жей турган тумбочкалар турабы?

Перизат Суранова: Ооба, үч жагында эки кабаттуу керебеттер турат, сол капталында ажаткана, оң капталында ашкана. Ортосунда тамактануучу үстөл. Төрт ай ушундай бөлмөдө жашадык. Андан сырткары, эң маанилүүсү узундугу 80 см, туурасы 60 см терезе. Мен барганда ал терезеде үч калың арматурадан жасалган темир бар болчу, эки кабат тор менен тосулган. Мен барганда үстүнөн дагы бир майда торду каптап коюшту. Аны менен эмнени туюндургусу келди, билбейм. Бизди коомго өтө коркунучтуу адамдар катары кабыл алгандыгын сездим. Ошол жабык кичинекей бөлмөдө адамдар күнү-түну жашайт. Таза аба жок. Анткени жанагы торлордон аба кирбейт. Суткасына болгону бир жолу жарым саатка сейилдөө жайына алып чыгат. Ал жерди “гулка” деп коюшат экен. Сейил жайдын аянты - үч-төрт метр. Анын үстү дагы эки кабат тор, тегереги дубал, эшиктери темирден. Кыш мезгилинде кар дагы, жаан дагы өтпөй жатты, аба дагы кирбейт. Ал сейил жайга чыккың дагы келбейт.

Азиза Абдирасулова: Арзыкан эже, 2007-жыл беле, "Андаш, Жер-Үй кендерин каздырбайбыз" деп, Таласта эл нааразылык билдирип чыгып, 10-11 адамга кылмыш иши козголуп, 5-6 адам камалса керек. Өзүңүз камалган убак, андан кийин акыйкатчы болуп жүргөн убак, бүгүнкү күндөр жөнүндө айтыңызчы. Кандай өзгөрүүлөр бар?

Арзыкан Момунтаева
Арзыкан Момунтаева

Арзыкан Момунтаева: Тергөө абагынын (СИЗОнун) абалын болгонун болгондой эле Перизат ачык айтып өттү. Ошого бир аз токтолоюн. Ал жердин жытын жыттаган адаммын, көпкө отурбасам дагы. Ал жердин жыты өмүр бою эстен кетпейт. Кыргызча, жалпак тил менен айтканда, анда шарт өтө жаман эле.

Азиза Абдирасулова: Калп айтпасам, сиз отурганда бөлмөдө керебет жок болсо керек эле. Төшөлгөн пол, жерге салынган эле төшөк болсо керек...

Арзыкан Момунтаева: Ооба, керебет жок болчу, полу дагы жыгач тактайлар, жарымы жер, ажаткана жанагындай эле ачык, анан бир тумбочка коюп коюшкан. Ошол жерде тамак ичесиң, аны да кыласың, муну да кыласың, арманың толтура. Эмне үчүн отурганымды деле билбейм. Мен ыр жазган кишимин да, анан жерге кечке ыр жаза берчүмүн, анан элге катуу таасир этет экен. Ошондон эл көтөрүлүп кетти деп деле айткым келбейт, бирок таасир берсе керек. Аял кишилердин баары чыгып “ачтырбайбыз, каздырбайбыз” деп, ызы-чуунун арасында жүрдүк да.

Ошону менен абакка түшкөндө милиция бала келди. Одоно, орой мамиле кылгандарына көнүп деле калбадыкпы. Жапжаш, менин баламдай бала келди, ал абалынды дагы сурап койбойт. Улуубу, кичүүбү, баары бир. Чылымын чегип туруп, жанагы жаман полдо берц батинкеси менен тебелеп кетти. Мен отурган жеримден кантип турганымды билбейм, “Эй бала, ал алдыгыныңды!” десем, “Эмнеге алам, тазалап койгула!” деди. Анан жанымдагы келинге “Тазалаба, өзү тазаласын” десем, милиция бала чыгып кетти. Мен эшикти тарсылдатып, ызы-чуу салып жибердим. Ошол жерде укугум аябай тебеленип, ызаландым. Анан башчысы келди. Алардын баарын тааныйм да, дайыма эле коомдук иштерде жүрсөм. Анан “Эже эмне болду? Тынчтаныңыз!” деди. Мен дагы катуураак эле айттым “Чакыр жанагы балаңды, тазаласын” деп. “Азыр биз тазалап коёбуз!” деп жооп берди, анан мен “Жок, өзү тазаласын!” деп кечке талап кылып отуруп, өзүнө тазалаттым, бирок. Карасам, ал деле мен тааныган кишинин баласы экен.

Азиза Абдирасулова: Арзыкан эже, сиз ага чейин укук коргоочу болуп жүрдүңүз, ырларыңыз дагы чыгып жаткан. Ошон үчүн сиз кандайдыр бир деңгээлде укугуңузду коргой алдыңыз да. Чындыгында ал жакка ар түрдүү адамдар келет.

Подкастты бул жерден угуңуз:
“Кантишти экен досторум абактагы...”
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:04 0:00

"Дарылардын баарын апам тергөө абагына ташыды"

Азиза Абдирасулова: Перизат, мисалы, мен түрмөлөргө, тергөө абагына (СИЗОго) барганда ден соолугу начар, ооруган адамдарды көрөм, ар кандай өнөкөт оорулар менен ооругандар бар. Анан санитардык бөлүккө барып, медицина кызматкерлери менен жолукканыбызда, дайым дары-дармектердин, аппарат, жабдуулардын жетишпегендигин айтышат. Мен билгенден, сен ошол жерде отурганда ооруп, Чүй облустук ооруканага келип даарыландың. Ошол медициналык жардам кандай болду? Кандай карады? Жетишерлик медициналык жардам бере алышат бекен?

Перизат Суранова: Күнөөлүүбү, күнөөлүү эмеспи, адам абакка түшкөндөн кийин, ою, акылы менен түшүнүп турса дагы, денеде өзүнчө процесс жүрөт экен. Ал жакка түшкөндөн кийин стресс өзүнүн ишин кылды. Адам каалайбы, каалабайбы, ооруй баштайт. Эң өкүнүчтүүсү, тергөө абагынын шартында дарыгерлерге жетүү мүмкүнчүлүгү төмөн экен. Көп дарыгерлери жок. Биз Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) абагынын айымдар имаратында отурдук. №6 поликлинка менен келишимдин негизинде бир жумада бир келип, ооругандарды карашат. Бизге башында өзгөчө мамиле болду. Анткени бул саясий, резонанстуу иш болуп, коркушуп, башкача бир мамиле кылып жатышты. Эми адамбыз да, сүйлөшүп, мамиле түздүк. Бирок ден соолук боюнча бир нече кайрылуу жасаганыбызга карабастан, сыртка алып чыга албайбыз деп жатышты. А өздөрүндө керектүү жабдуулар, дары-дармектер жок экен.

Мен 4 айга жакын жаттым. Бүт дарылардын баарын апам тергөө абагына (СИЗО) ташыды. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, дарылардын баары кымбат, абакта жөнөкөй дары дагы жок болуп жатты. Бизде камерада сасык тумоо менен төрт кыз ооруп калып, эки гана антигриппин таштап кетишти, дары жок деп. Кан басымы көтөрүлгөндө, бир диклофинак таштап кетип жатышты. Жеке өзүмө тиешелүү айта турган болсом, 45 күнгө жакын диагноз коё албай коюшту. Жеке клиникалардын лабораторияларында анализдерди тапшырып жатып, араң такташты. Анан эми эле дарылайбыз деп жатканда, ачкачылык жарыялаганга туура келди. Ушинтип жатып дарыланбай эле ачкачылык жарыялаганда организм өзүн өзү жеп, көптөгөн ооруларга туш болуп калдым.

Перизат Суранова сотто апасы менен сүйлөшүп жаткан учуру. Декабрь, 2022.
Перизат Суранова сотто апасы менен сүйлөшүп жаткан учуру. Декабрь, 2022.

Айрыкча ачкачылык жарыялаганда бир суткада эки жолу кан басымды, дене табын текшерип кетиши керек болчу. Бирок аны дагы так аткарбай жатышты. Мен ооруп жатканда ал жактагы дарыгерлерге ишенич болбой, “Сырттан гана дарыгерлерге өзүмдү текшертүүгө уруксат берем” деп кат жүзүндө кайрылууга туура келди. Ачкачылык жарыялаган учурда тергөө абагынын (СИЗОнун) өзүндө дарыгер жок болуп, келген дарыгер ишенбестик кылып, камеранын ичиндеги кыздардан “Чын эле ачкачылык жарыялап жатабы же түнү менен тамак жеп жатабы?” деп сурап жатты. Өзүмдү жоготуп, кризистик абалда болуп калдым. Тункү убак эле, камерадагы кыздар түнү менен эшикти такылдатып, чакырып жатышты, ошентип гана өзүбүзгө көңүл бурдура алдык. Ошентип такылдатып жардам сурап, чакырган учурда дагы 1,5-2 саат дегенде келишти.

Азиза Абдирасулова: Борбордук №1 абак 1947-жылы салынган, турганына быйыл 76 жыл болот. Имараттар абдан эски, ным тартып турат, сыз, аба кирбейт. Мен жайында барганда да көрдүм - андагы адамдар дайым тердеп, жеңил көйнөкчөн отурушкан болот. Ал эми кышында болгон эмесмин, быйыл кыш дагы өзгөчө катуу болду. Ошондо бир толкунданып ыр жаздым эле:

Сыртта аяз, түнү менен жааган кардан
Ийилет жаш көчөттүн сабактары.
Телмирип, тереземде ойго батам:
Кантишти экен досторум абактагы?..

Кышында шарттар кандай болот экен? Жылуу эле болот бекен?

Перизат Суранова: Азиза эже, өзүңүз баса белгилеп кеткендей, шарты абдан начар, эски имарат. Эски имаратты кайрадан ордуна келтирүү үчүн, биринчиден, каражат керек. Экинчиден, бул имараттын жетекчисине байланыштуу маселе. Мисалы, мен, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева үчөөбүз терезенин түбүндө жаттык. Имарат канчалык жакшы болбосун, баары бир терезеден шамал урат. Дубалдар көгөргөн, аба жетишпейт. Жарык берген лампалар иштебей калып, оңдоп берүүнү суранганда дагы “каражат жок, сырттан алып келгиле, анан жасап беребиз” деп жатышты.

Азиза Абдирасулова: Абак жайларында, түрмөлөрдө боюнда бар, балалуу аялдарды көрүп калам. Ошол жерде жашап, камалып жатканда төрөп калышат. Сен кармалып турган учурда балалуулар болдубу?

Перизат Суранова: Болду. Менин алдымдагы камерада 2-3 кош бойлуу келиндер жүрдү. Билишимче, аларга атайын ылайыкталган камера бар. Бирок ал камералардын бир гана өзгөчөлүгү - ысык суу бар экен. Эл катары эле бир күндө бир эле жолу жарым саатка эшикке чыгарышат, бир жумада бир эле жолу жуунганга 15 мүнөт убакыт бөлүнөт. Анда дагы “тездеткиле” деп шаштырып турушат.

Жогоруда белгилеп кеткендей, кош бойлуу аялдар үчүн да дарылануу мүмкүнчүлүгү жок. Анткени ар кандай шартта түшүшөт да. Көпчүлүгү тууган-уругу жок же алыста, жетим-жесирлер болуп калышы мүмкүн. Мен көргөндөн, балдар үйүнөн чыккан бир кош бойлуу келин бар болчу. Кийин көп балалуу жалгыз бой аял түштү. Бала эмизген келиндер да бар болчу. Алар деле эл катары биздикиндей өлчөмдөгү 10 кишилик камерада жашашчу. Болгону аларга кичинекей балдарына манеж сыяктуу керебет коюп беришет экен. Ал дагы болгону бирөө эле экен. Башка бирөө баласы менен түшүп калса, ага жок. Балдарды бир күндө эки жолу эшикке чыгарууга уруксат берилет. Тамак-ашы деле жалпы абактагыларга бөлүнгөн тамактан берилет. Витаминдүү тамак-аш же кошумча дары-дармек бергенин байкаган жокмун.

Азиза Абдирасулова: Арзыкан эже, сиз отурган убакыттан кийин, акыйкатчы болуп жүргөн кезиңизде өзгөрүү болдубу?

Арзыкан Момунтаева: Акыйкатчынын өкүлү катары атайылап карап жүрдүм. Өзгөрүү болгон жок. ЕККУнун бир долбоору менен бир аз жасалгаланып, түзөлгөндөй болду, суу системасы да оңолгонсуду. Бирок мамлекет тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Дары-дармек боюнча айтайын дегеним, анальгин сыяктуу эски дарылар турат. Кутучалары да эскирип калган. Дарыгерлери дагы иштебейт. Акыйкатчы болуп жүргөн кезде эсимде, дарыгерлерди жарым штатта иштөө графиги менен жарым жылга же бир жылга ишке алышат. Алар бир жумада бир абактагыларды текшерүүгө келишет, кээде келбей деле коёт. Чынын айтканда, абдан кайдыгер мамиле кылышат. Биз кол койгон дүйнөлүк ратификацияланган мыйзамдардын үчтөн бири деле аткарылбайт. Текшерүүгө келгенде “кожо көрсүн” кылып, шыпырып, жыйнап бир нерсени даярдап коёт. Эми ал маселе эмес.

"Ар бир адам гумандуу мамилеге татыктуу"

Азиза Абдирасулова: Кыргызстанда 47 убактылуу кармоочу, андан тышкары аялдар үчүн Бишкекте Борбордук тергөө абагы, Вознесеновка, Степной абактары бар экенин айта кетели. Перизат айым, Арзыкан эже убагында камалган Бишкек шаардык №1 абак жайы жана Таластагы убактылуу кармоочу жайы тууралуу сөз болуп жатат. Кыргызстан боюнча мындай аялдар камалган жерлер көп. Перизат айым дагы “Тергөөгө алынгандар” туура айтып кетти. Соттун чечими чыга элек, иш тергелип жатканда ар бир адам гумандуу мамилеге татыктуу. Негизи тууган-уруктар менен байланыш тергөөчүнүн уруксаты менен болот. Ал эми адвокат менен эч тоскоолдуксуз көрүшсө болот. Сиздерде туугандар, жакындар, айрыкча адвокаттар менен байланышуу кандай болуп жатты?

Перизат Суранова: Азиза эже, сиз азыр айткандан кийин ошол күндөр кайра көз алдыман өтүп жатат. Бул өтө орчундуу маселе экен. Анткени абакта ден соолугума байланыштуу бир канча жолу кризистик учурга туш болгондо, тергөө абагына адвокатымды киргизишкен жок. Замбил менен чыгарууга мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок мени адвокатым менен жолугуштурушкан жок. Менин шартымда башында үй-бүлөм менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей жатты. Адвокатым мыйзам чегинде кайрылуу жасап жатты. Бирок бир нече жолу баш тартышты. Кийин январь айында абактан чыгарда тергөөчү апама уруксат бериптир. Апам менен кезигүү дагы бир кыйноо болду. Советтер Союзунда тартылган кинодогудай эле көрүнүш болду. Дубалдар көгүш, ортосу кир, эчтеке көрүнбөгөн пластик менен тосулган. Телефондору дагы аябай эски. Ал телефонду көтөрсөң чыр-чыр этет. Апамдын сөзү угулбайт. Телефону жок, катуу, бийик тондо сүйлөшүүгө мажбурмун, бирок айланадагы башка адамдарга ыңгайсыздык жаратам. Ортосу тосулган үчүн угулбайт да.

Ошентип бир саат апам экөөбүз бири-бирибизди карап, тиктешип отурдук. Ал башын ийкеп коёт, мен ийкеп коём, ал көзүн жашын төгөт, мен “ыйлаба” деп айтам. Ушинтип сүйлөшө алган жокпуз, анткени шарт жок. Бул калп эле “кезигүү” деген ат менен жүргөн формалдуулук экен. “Укук” деп бул теманы көтөрөбүз, бирок анык маанисин укугубуз тебеленип, башка түшкөндө гана түшүнүп жатабыз. Айрыкча азыр коомдо ушундай көрүнүш көп. Дүйнө жүзүндө бир эмес, эки чоң согуш болгондугуна байланыштуу көптөгөн элдер, мамлекеттер биригип эң негизги, ресурс, баалуулук катары адамды жана адамдын укугун көрбөсөк, анда биз тынчтыкты сактай албайбыз деп чечимге келишкен.

Бул 1948-жылы БУУ кабыл алган декларациясы. Ушундай декларация, конвенциялардын мүчөсү болгондугубузга карабай, адам укугун коомго жайылта, сиңире албай жатабыз. Укук маселеси башка түшмөйүнчө, “Укук” дегенди кандайдыр бир жаман, терс түшүнүк катары кабыл алабыз. Ушул мени өкүндүрөт.

Арзыкан Момунтаева: Мен таң калам: Перизат айым жакынкы эле болгон окуяны айтып жатат, бирок бардыгы 10-15 жыл мурункудай эле экен. Айырма деле жок, окшош. Эч нерсе өзгөргөн эмес, жакшырган эмес. Өнүктүрүшүбүз керек. Кечээ интернеттен көрүп калдым, белгилүү бир “кримтөбөл” баланын урматына атайын жасанып алып, ал киши менен сүрөткө түшүп, кенен дасторкондо той өткөрүп жатышат. Муну кандай түшүнсө болот? Бул жерде түздөн-түз сот, прокурор, ички иштер кызматкерлери баары күнөөлүү. Эмне үчүн андай шартты көрбөйбүз? Ушул кантип болсун, мен абдан жаман болдум. Түрмөнүн ичине отуруп алып той өткөргөнгө ким уруксат берди? Бул туура эмес.

Азиза Абдирасулова: Мени укук коргоочу катары бир нерсе кызыктырат. Мен түрмөлөргө барам, өмүр бою камалгандар, аялдар менен жолугушуп, сүйлөшүп келем. Омбудсмендер менен барбаган жерибиз калбады. Мага ушуга байланыштуу кызыктуу ой келди. Негизинен түрмөлөрдөгү, жабык жайлардагы адам укугунун сакталышынын мамлекеттик көзөмөлүн акыйкатчы жана прокурор жүргүзүшү керек.

Мыйзам кандай аткарылып жатат? Адам укугу кандай сакталып жатат? Бул прокурордун түздөн түз милдети. Ушуга байланыштуу менде суроо: силер отурганда прокурор барып текшерип турдубу? Омбудсмен, же катардагы укук коргоочулар текшерип келгенден кийин таасири кандай болот экен? Мен кээде кыжаалат болуп калам. Мен барып сүйлөшкөн адамга мен кеткенден кийин басмырлоо, терс таасир болуп калабы деп. Тез-тез кабар алып, байкоо жүргүзүп турган жакшыбы же көз каранды болуп отургандарга зыяныбыз тийип калабы?

Перизат Суранова: Бүгүнкү күндө тергөө абагында (СИЗОдо) жалпы 1300гө жакын жаран бар. Анын ичинен 100гө жакыны - аялдар. Камакта отурган жарандарыбыз өз укуктарын билбейт экен. Эң орчундуу маселе ушул жерде. Кимге кайрылса болот, жада калса омбудсмендин табиятын, ишин, милдетин, мүмкүнчүлүгүн билбегендер бар экен. Прокуратура кандай иш аткарат, негизи алар бизге кызмат кылышы керек экендигин түшүнүшпөйт. Бизге омбудсмендер, депуттар келип жатты. Ал эми спецпроркурор системдүү түрдө ар дайым келип жатты. Биз дагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып арыз-муңду айтып бердик.

Татыктуу тамак-аш, медицина кызматын алууга укугубуз бар. Бир жумадай начар сапаттагы нан келгендигине байланыштуу жетекчиликке арыз жаздым. Дароо рекция кылышты, эртеси күнү жакшы нан алып келип калышты.

Азиза Абдирасулова: 2021-жылы Кыргызстандагы бардык абак жайды кыдырып чыкканбыз. Алардын дээрлик көпчүлүгү, айрыкча 3 абак жай авариялык абалда, тез арада бузулууга тийиш. Алардын бирин Ошто Курманжан датканын уулу Камчыбек XIX кылымдын 90-жылдарында салдырган. Ал имараттын турганына 140 жылдан ашып, кулайын деп калган. Экинчиси - Каракол шаарында 1900-жылы салынган. Буга дагы 120 жылдан ашык болуп калды. Үчүнчүсү - 1947-жылы салынган Бишкектеги №1 абак жайы. Өзүңүздөр дагы көрдүңүздөр эскилигин, абалын. Эми жаман шарттарды жакшы кылып оңдогонго мамлекеттик жетекчилерге кандай сунуштарды бересиздер? Эмнеге көңүл буруш керек?

Арзыкан Момунтаева: "Иши оңолгондун ити чөп жейт" деп коёт. Терең мааниси бар макал. Менин сунушум, ишти оңдойлу десек, эң аялуу жерлерден башташыбыз керек. Аялуу жерлердин катарына абактар да кирет. Биринчи көңүлдү ошол жакка бөлбөсөк болбойт. Ар кандай адамдар келет, өйдө-төмөн, аял-эркек, ошолордун эң кордук көрө турган жана актыкка чыга турган жерин тазалаш керек. Көп деле каражат кетпейт, демөөрчүлөрдү тапса болот. Биротоло соттолуп кетүү ал башка иш, ага чейинкисин, адам соттолуп кете элекке чейин убактылуу камалып турган жерлерди жөнгө салышыбыз керек. Таптакыр эле укугу тебеленбеши керек. Бийликтегилер, мамлекеттик кызматчылар мунун кулагына салып коюшу керек. Ошолордун абийиринде бул.

Перизат Суранова: Ар бир адам акыйкаттуу, гумандуу мамилеге татыктуу. Бул фундаменталдуу, маанилүү нерсе. Менин байкашымча, абакта чоң күнөө кылганы, кичине күнөө кылганы деле, адашканы деле отурат. Бүгүнкү күндөгү прокурорлор, тергөөчүлөр, сотторго күнөөсү барбы, жокпу, баары бир. Мүмкүнчүлүк болсо эле абакка отургузуп, акча өндүрүү процесси башталат экен. Бул эң терс көрүнүштөрдүн бири. Абактан сынып чыккандар дагы бар, күчтөнгөндөрү дагы бар. Система максаттуу түрдө адамды сындырып жатат. Айрыкча медициналык жардамды жакшыртуу зарыл. Тамак-аш, үй-бүлө менен байланыш, санитардык ченемдерге көңүл бөлүш керек. Жылдап отурган кишилер бар, алардын телефон менен байланышканга мүмкүнчүлгүгү жок. Алардын үй-бүлөсү, адвокаты барбы - эч кимди ойлондурбайт. Сураштырып көрсөк, өкмөттүн тийиштүү чечими деле бар экен. Бирок аны абак жайлары, атайын мекемелер колдонбойт экен. Абактагы тергөө процесси болуп жаткан бир дагы жаран ал мүмкүнчулүктү колдонбоптур. Ошондуктан жылдап отурушат.

Адвокат табууга, тергөөчү менен байланышканга мүмкүнчүлүгү жок. Аны ачык коюп коюш керек. Кызыгып карап көрдүм. Кээ бир мамлекеттерде телефон менен сүйлөшүүгө жарым саатка чейин убакыт берилип, телефонду ачык эле коюшуптур. Ал эми бизде телефон дегенде ар бир камераны айтып-айтпай деле келип, кийимдерди, буюмдарды тинтип, текшерип кетишет. Максаты - телефонду, заряддагычты табуу. Бул алардын отчёту экен. Ал кишилер телефон менен үй-бүлөсү, балдары, балким ооруп жаткан ата-энеси, жакындары менен суйлөшөт, башка маселелерин чечишет. Бул жөнөкөй эле, элементардуу муктаждык. Керек болсо ал кишинин актануусуна мүмкүнчүлүк. Ошондой эле бюджеттик, тергөө, соттук процесттер ачык болушу керек. Мисалы, азыр бизде сот жабык. Бул дагы мыйзам бузуу, адамдын укугун тебелөө. Мен өзүмдү акташ үчүн коомчулукка бүт жагдайларды ачык айтып беришим керек. Бирок мени андай мүмкүнчүлүктөн чектеп, укугумду кесип коюп жатышат. Мындай мисалдар көп. Укук маселеси өтө терең маселе. Бул багытта жайылтуу, агартуу процесстерин улана беришибиз керек.

XS
SM
MD
LG