Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:27

"Кысымга чыдабадым". Милиционердин өзүнө кол салышы иликтенүүдө


Туристтик милиция. Иллюстрациялык сүрөт. Макалага тиешеси жок.
Туристтик милиция. Иллюстрациялык сүрөт. Макалага тиешеси жок.

Ысык-Көл облустук экологиялык-туристтик милициясынын кызматкери Эрлан Мусакожоев командиринин кысымына чыдабай өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди. Айыпталып жаткан командир Бакыт Абакиров бул дооматка түшүнбөй жатканын айтууда. Бул милиция кызматкерлеринин жетекчилерине нааразылык билдирген биринчи учур эмес.

Эрлан Мусакожоев 11-августта кесиптештеринин көзүнчө өзүнүн бутуна бычак менен сайып жиберген. Ал мындай кадамга командиринин басымынан улам барганын айтып жатат:

Эрлан Мусакожоев
Эрлан Мусакожоев

“17-июлдан 18-августка чейин ден соолугума байланыштуу дарыланууга чыккам. Бирок командир күн алыс чалып, жумушка чыкпасаң орду-түбүң менен жоготом деп жатты. 10-августта саат 9:00гө Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” комплексине кел деди, оозго алгыс уят сөздөр менен сөктү. Командирдин кысымына чыдабай өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Азыр да басымы уланууда”.

Ал командир Бакыт Абакиров мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылган.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, Ысык-Көл райондук ооруканасында дарыланып жаткан лейтенанттын абалы азыр туруктуу.

Ал сынга алган аймактагы туристтик-экологиялык милициянын командири Бакыт Абакиров Мусакожоевдин кадамына түшүнбөй жатканын билдирүүдө:

"Ал ооруп жаткан. Бул тууралуу кесиптештери да айтып, үйүндөгү келинчегине барсам, ал да “сүйлөнүп, жөөлүп атат” деген. Дарыланышы үчүн медициналык бөлүмүбүзгө өзүм алып баргам. 11-августта өзү Чолпон-Атага келип, айыктым, жумушка чыкканга даярмын деди. Катарда турган милиция кызматкерлеринин көзүнчө өзүн-өзү сайып жиберди, мен түшүнбөй калдым. Азыр тергөө жүрүүдө, жыйынтыгында комментарий берем”.

Окуяны Ысык-Көл райондук милициясы 11-августта каттоого алып, кызматтык териштирүү уланууда.

"Бутуна сайып алган факт катталган. Эмне себептен мындай кадамга барганы азыр иликтенип жатат", - деди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Соңку кездери милиция кызматкерлеринин жетекчилерине нааразы болуп чыккан учурлары көп каттала баштады.

Март айында Ноокат районунун Жаңы-Базар айылындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Максатбек Абаз уулунун видео кайрылуусу интернетте тараган. Анда ал райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиевдин атын атап, “кетип кал, болбосо берене менен кетирем” деп куугунтуктап жатканын" айтып чыккан.

28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын алдына акцияга чыгышкан. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункттан турган кат жолдоп, министрди бул ишке көңүл бурууга чакырышкан.

Бирок нааразылыкка чыккан кызматкерлерге тартиптик чара көрүлгөнү белгилүү болгон. Көп өтпөй жетекчи Айбек Жумагулов кызматтан алынганы кабарланган.

Укук коргоочу Камил Рузиев милиция кызматкерлеринин нааразылыгы ИИМдин ички коопсуздук кызматынын жакшы иштебегени менен байланыштырды:

Камил Рузиев
Камил Рузиев

"Эң өкүнүчтүүсү - азыр буларды иштен албай которуп же актап коюп жатпайбы. Милицияда жеке коопсуздук кызматы бар, ошол жакшы иштеши керек. Аймактарда ошол коопсуздук кызматы облустук милициянын башчысына баш ийип калган. Ошол туура эмес. Мурда бул кызмат министрлик менен түз иштечү. Ким кандай иштеп жатат, ким кайсы укукту бузуп жатат деп текшерип турган. Азыр облустук милициянын башчысына арыз жазыш керек, анан ал жеке коопсуздук кызматынын башчысына тапшырат экен. Бул туура эмес, карама-каршылык да. Ушул себептер ички чыңалууга алып келет. Жетекчилер көз жумуп коет же Жеке коопсуздук кызматы ачык-айкын иштебейт", - деген пикирде Рузиев.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милицияда ички чыңалуунун бир нече себептерин атады:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Нааразылыктардын чыгып жатканынын биринчи себеби, мыйзам боюнча буйрукту аткарбай коё албагандыгы, экинчиден өзүнүн нааразылыктарын ачык айтып чыга албагандыгы. Өзүнүн укугун коргой турган милицияда, аскер адамдарда дагы атайын инструмент жок. Мисалы башка жамааттарда профсоюз уюму бар да же укук коргоочуларга кайрылат. Болбосо прокуратурага арыз жазышат. Булар кайда барышат? Устав жол бербейт. Анан ошентип жүрүп ички чыңалууга алып келет".

2022-жылдын август айында ички иштер органдарында 11 жыл иштеп келатканын айткан милициянын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге байланыштуу ачык айыптап чыккан. Мындай көрүнүштү ашкерелегени үчүн кызматтан алынганын билдирген.

ИИМ Чубак Сыргакбек уулунун бир жыл мурда иштен алынганына анын аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгон деген жооп кайтарган.

Былтыр сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунда эл менен жолугушуп жатып, милициянын дарегине ачуу сын айткан. Ал айрым райондордо отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын, мунун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер табылбай жатканын сындаган. Баш прокурор милиционерлер көчөдө мушташканына өзү күбө болгонун айтып, чара көрүүнү тапшырган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов ар бир милиция кызматкерлеринин туура эмес иштери көз жаздымда калбайт деп жооп берди:

Тилек Оторов
Тилек Оторов

"Кылган ишине жараша болот. Мисалы, мыйзам бузуу боло турган болсо, ички иликтөө кызматы укуктук баа берет. Кылмыш иши болсо, прокуратурага берилет. Эч ким көз жаздымда калбайт. Сөзсүз түрдө укуктук баа берилет".

Ички иштер министрлигинин рассмий маалыматына караганда, соңку алты ай ичинде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген. Алардын 63ү жетекчилик кызматта иштегендер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG