Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө кубогунда күмүш медал тагынды


Мунарбек Сейитбек уулу
Мунарбек Сейитбек уулу

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунда 60 кг чейинки салмакта күмүш медал тагынды.

20-ноябрдагы финалдык беттеште кыргыз мушкер индиялык атлет менен беттешип, атаандашына утулуп калды.

Буга чейинки айлампаларда Сейитбек уулу польшалык мушкерди 5:0, англиялык спортчуну 3:2 эсебинде жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулу - 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медал, 2023-жылкы Дүйнө чемпионатында коло байге алган. Ал ошондой эле беш жолку Кыргызстандын чемпиону.

29 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында финалга чыккан алгачкы кыргыз мушкери. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG