Тажик президентинин күнүнө карата Эмомали Рахмон окуган Хатлон облусунда билим берүү жайларында ачык эшик күнү жарыяланды. Анда президент окуган Дангардагы №7 орто мектеп жана Сарбанд шаарындагы кесиптик-техникалык лицейде окуучулар үчүн атайын саякат уюштурулду.
Бийликтин ишениминде жөнөкөй жумушчудан өлкө башчыга жеткен Рахмондун баскан жолу жаңы муун үчүн тарбиялык мүнөзгө ээ.
Президенттин мектебин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон окуучулардын бири Мухаммад Махмадиев “улут лидеринин” өмүр баяны аны шыктандырганын минтип айтты:
- Президентибиз жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, өскөн. Мектепте жана коомдук иштерде абдан активдүү болгон. Бул саякат маалында мен улуу урматтуу башчыбыздын өмүр баяны менен кеңири тааныша алдым.
Облустун билим жана илим башкармалыгынын төрайымы Хосият Миралиева мындай саамалыкты пайдалуу деп атап, аны кош колдоп колдорун жашырбайт. Анын айтуусунда, аймакта “Президент балдардын көзү менен” деген сынак да жарыяланды.
Булардан тышкары мектепте атайын президенттин музейи да ачылды.
Сарбанддагы кесиптик окуу жайга Эмомали Рахмон 1969-жылы өтүп, анда эки жыл билим алган. Кесипке умтулган болочок президент ал кезде 17 жаштагы боз улан эле.
Өлкө лидери менен менен чогуу окуган Хайдар Назаров ал күндөрдү мындайча эскерди:
- Эсимде, кийинки жолугушуулардын биринде Эмомали ошол кездеги милиция жетекчилигине бир окуяны эсине салды. "Мастов мырза, сиз мени бир кезде чаап жибергениңиз эсиңиздеби" деп. Ал киши уяла түштү. Дароо башын жерге салды. Анда президент "Ошондо мени жакшы эле чаап жибериптирсиз, бул мага сабак болду. Андан кийин тентектик кылган жокмун" деп ыраазылыгын билдирди.
Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, лицейде президент айдоочулукка окуган. Ал окуу жайды аяктаган соң Рахмон Коргон-Төбөдөгү май чыгарчу заводдо иштеген. Рахмондун баскан жолундагы мына ушундай үлгүлүү гана окуялар Президент күнүндө Тажикстанда арбын эскерилди.
Өлкөнүн ар тарабында аны даңктап, мамлекет башчысына жалаң гана мактоолор жаңырды. Ал эми бийлик сынчылары муну Рахмондун керт башына сыйынуу өнөктүгү күчөп баратканы катары мүнөздөшөт.
Алардын бири, көз карандысыз журналист Абдуазим Абдуваххоб президентке кошоматчылык чегинен ашып кетти деп эсептейт.
Эмомали Рахмон 1992-жылдын 16-ноябрында Тажикстан парламентинин төрагалыгына шайланган.
Ал кезде өлкөдө жарандык согуш жүрүп жаткан. Бир нече айда бир топ президенттер алмашкан соң бийик кызмат жоюлган. Анын натыйжасында парламент төрагасы Тажикстандагы башкы жетекчиге айланат. 1994-жылы жаңы Конституцияны кабыл алган референдум өтүп, президенттик кызмат калыбына келтирилген. Шайлоодо Эмомали Рахмон жеңишке ээ болот. Ошондон тарта ал өлкөнү жалгыз башкарып келатат.
Бир жыл мурда Эмомали Рахмон өзүн “Тынчтыктын жана улуттук биримдүүлүктүн негиздөөчүсү - Улут көсөмү” деп атоого жол берген мыйзамга кол койгон.
Президенттин сүрөттөрү өлкөдөгү бардык расмий жайларда, көчөлөрдө илинген.
Президенттин уул-кыздары жана жакын туугандары өлкөдөгү маанилүү кызматтарды ээлеп отурашат. Маселен, 29 жаштагы уулу Рустам Эмомали өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектейт. Ал эми кызы Озода президенттик аппараттын башчысы болуу менен бирге Рахмондун квотасынын негизинде сенаторлукка шайланган. Быйыл май айындагы референдум Рахмонго каалашынча шайланууга жол ачты.
Президенттикке талапкерлердин курагы 35 жаштан 30га түшүрүлдү. Муну талдоочулар Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалиге бийликти өткөрүп берүү аракети катары сыпаттап жүрүшөт.
Тажикстан президент күнүн майрамдаган Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде алгачкы өлкө эмес. Коңшу Казакстанда беш жылдан бери Туңгуч президенттин күнү белгиленип келет.
Ал эми 14-ноябрда бул өлкөдө президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы он миң теңгелик банкнот даярдалганы жарыяланды. Улуттук банк жаңы акчаны 1-декабрдан тарта жүгүртүүгө чыгарганы жатат.
Банктын төрагасы Данияр Акишев көз карандысыз Казакстандын тарыхы Назарбаев менен байланышта экенин белгилеп, юбилейлик банкнот президенттин салымын күбөлөрүн билдирди.
Мындан 23 жыл мурда Казакстанда улуттук валюта – теңге жүгүртүгө киргизилген.