Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Прокурор Стамбулдун мэри Имамоглуна 2000 жыл сурады


Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу
Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу

Түркияда прокурор Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну эки миң жылга эркинен ажыратууну суранды. Ага "мамлекетке миллиарддаган лира зыян келтирген", "ири коррупциялык тармакты жетектеген" деген сыяктуу айыптар тагылууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Имамоглу президент Режеп Тайип Эрдогандын башкы саясий атаандашы эле. Ал өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, бул ишти "саясий себептер менен козголгон" деп сыпаттаган.

Стамбулдун башкы прокурору Акин Гүрлек 11-ноябрда өткөн маалымат жыйында айыптоо корутундусун жарыялап, анда 402 шектүүнүн, анын ичинде Экрем Имамоглунун аты аталганын билдирди.

Гүрлектин айтымында, айыпталгандар түзгөн коррупциялык тармак он жыл аралыгында Түркия мамлекетине 160 миллиард лирага (болжол менен 3,8 миллиард долларга) жакын зыян келтирген.

Төрт миң беттен ашкан айыптоо документинде Имамоглу "кылмыштуу топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси" катары көрсөтүлгөн.

Айыптоо корутундусу Түркиянын Каржылык кылмыштарды иликтөө кеңеши (MASAK) жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыктарына, адистердин билдирүүлөрүнө жана санариптик жана видео далилдерге негизделет. Анда бир катар ишкерлер мэриянын ичиндеги жашыруун фонд аркылуу "пара берүүгө мажбур болгон" деп жазылат.

Имамоглу март айынан бери камакта, ага каршы козголгон коррупция иши боюнча сот процесси башталат.

Өкмөт болсо Имамоглу жана анын Республикалык элдик партиясынын (CHP) дооматын, башкача айтканда иштин саясий себептер менен козголгонун четке кагып, Түркиядагы соттор толук көз карандысыз экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG