Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Түркиянын аскердик учагы Грузия–Азербайжан чек арасына жакын жерге кулады


Түркиянын Азербайжандан кайтып келаткан аскердик жүк ташыган учагы Грузиянын аймагында, чек арага жакын жерге кулап түштү. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме 11-ноябрда социалдык тармактар аркылуу тараткан маалыматка ылайык, C-130 үлгүсүндөгү аскердик учак кырсыкка кабылган.

"Азербайжандан үйгө кайтып келе жаткан биздин C-130 аскердик жүк учагы Грузия–Азербайжан чек арасында кулады. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат", - деп жазылат анда.

Грузиянын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө караганда, кырсык Грузия менен Азербайжандын чек арасынан болжол менен беш чакырым алыста болгон.

Эки тарап тең каза тапкандар же учактагы адамдардын саны тууралуу азырынча маалымат берген жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кырсыктан жабыркагандар аз болсо экен деп тилеп, учактагы "шейит кеткен аскерлердин" жакындарына көңүл айтты.

Окуядан кийин социалдык тармактарда учак кулаганы тууралуу бир нече кыска видео тарады. "Эркин Европа/Азаттык" видеолор кырсык болгон жерден тартылганын ырастады. Алардын биринде учактын фюзеляжы жана анын сыныктары көрүнөт.

Айрым маалыматтарга караганда, учкуч парашют менен секирип кеткенге үлгүргөн болушу мүмкүн. Бул маалымат азырынча ырастала элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG