Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин бешинчи уулу Ганнибал Каддафи Ливанда түрмөдө 10 жыл отургандан кийин күрөөгө бошотулду. Жергиликтүү NNA агенттиги кабарлагандай, ал 10-ноябрда 893 миң доллар күрөө менен чыкты.
Бир ай мурда сот бул сумманы 11 миллион доллар деп белгилеген. Кийин адвокаттардын нааразылыгынан кийин бул сумма төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, сот Ганнибал Каддафиге Ливандан чыгууга тыюу салган чечимди да жокко чыгарды.
Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү Ливандын президенти менен парламент төрагасына "Каддафини бошотууга багытталган кызматташуусу үчүн" ыраазычылык билдирди.
Reuters агенттиги жазгандай, Ганнибал Каддафи Ливиядагы атасы башкарган режим кулатылган соң үй-бүлөсү менен Сирияга чыгып кеткен. 2015-жылы аны Сирияда белгисиз жоочулар уурдап кетишкен. Ошол эле жылы ал Ливанда камакка алынганы маалым болгон. Расмий Бейрут аны 1978-жылы Ливияга Муаммар Каддафи менен жолугуу үчүн барып, дайынсыз жоголгон шиит диниятчысы, имам Муса ас-Садр жана анын эки жолдошунун тагдырына байланыштуу маалыматты жашырган деп айыптаган.
Ганнибал Каддафи ал кезде болгону эки жашта болгон. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча чоңойгону Ливияда ал эч кандай мамлекеттик кызматты аркалаган эмес.
2023-жылы Ганнибал Каддафи түрмөдө ачкачылык жарыялаган, андан кийин ооруканага жеткирилген. 2024-жылы Human Rights Watch уюму аны Ливандагы абактан бошотууну талап кылып, Каддафинин камалышын "адилетсиз" деп атаган.
Шерине