Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Орусия менен Украина бири-бирине дрон менен чабуул коюшту


Орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна жасаган дрон чабуулунун жыйынтыгында тутанган тилсиз жоого каршы күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр.
Орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна жасаган дрон чабуулунун жыйынтыгында тутанган тилсиз жоого каршы күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр.

Орусиянын армиясы 11-ноябрга караган түнү Украинанын Одесса облусуна дрондор менен жапырт чабуул койду. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чабуул маалында энергетикалык инфраструктурада тутанган өрт убагында өчүрүлдү. Бир адам жараат алды.

Украинанын Аскердик аба күчтөрү билдиргендей, шейшембиге караган түнү орус күчтөрү Украинага 119 дрон менен сокку урушкан. Алардын 53ү атып түшүрүлгөн.

"Негизги сокку Донецк, Харьков жана Днепропетровск облустарынын фронтко жакын аймактарына, ошондой эле Одесса облусуна багытталган", — деп белгиленет билдирүүдө.

Ал эми 11-ноябрда украин армиясы Орусиянын Оренбург облусунда жайгашкан "Орскнефтеоргсинтез" мунай иштетүү заводуна сокку урду. Маалыматты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ырастады. Бул объект буга чейин да, октябрь айынын башында бутага алынганы маалым.

Мекеменин жүйөсүнө караганда, завод күйүүчү жана майлоочу материалдарды өндүрүп, орус армиясын камсыздап турган. Ал эми Оренбургга жакын жайгашкан Орск шаарында бийлик дрон коркунучу тууралуу эскертип, тургундарды сак болууга чакырды. Андан мурда Украинанын Башкы штабы Саратовдогу мунай иштетүү заводуна чабуул койгонун бышыктаган.

Орусия 2022-жылдын февралынан бери Украинанын аймактарын дээрлик күн сайын аткылап келет. Ар кандай далилдерге карабастан расмий Москва карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG